Талас облусунун Манас районунун хатибиятында жардамга муктаж үй-бүлөлөргө кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев билдирди.
Анын айтымында, жеке ишкерлер жана соодагерлер тарабынан эки жылдан бери ай сайын Манас районундагы колу жука үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылып келет.
Бул жолу 50 үй-бүлөгө жалпы 90 миң сомдук тамак-аш баштыкчалары Жайылган, Пакровка, Май, Тамеки савхоз жана Үч – Коргон айылдарына таратылып берилди.
«Кайрымдуулук кылган инсандардын садака зекетин Аллах Таала кабыл кылсын, иштеринде береке болсун»,-деди Миржалал ажы.