alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Көзү азиздер үчүн уюштурулган окуу курсу жыйынтыкталып, сертификаттар тапшырылды. Алардын катарында 30 пара Куранды угуп жаттагандар бар

Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» Куран жаттатуу медресесинде көзү азиздер үчүн уюштурулган окуу курсу жыйынтыкталып, сертификаттар тапшырылды.

Аталган иш-чарага Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мырза кары Осмонов барып, окууларына ийгиликтерди каалады. Ошондой эле алдыда мүмкүнчүлүгү чектелгендерге Куранды тажвид эрежелери менен окууну үйрөтүүчү курстарды тез-тез уюштуруу зарылдыгын баса белгиледи.

«Көзү азиздер үчүн окуу курсун уюштурган окуу жайдын эмгек жамаатына терең ыраазычылыгымды билдирем. Бул медреседе окуган студенттер үчүн да үлгү боло алды деп айтсак болот. Анткени, көзү азиз болуусуна карабай Куранды тажвид эрежелери менен окуп жаткандары студенттер үчүн окууга шык жаратат жана өздөрүндө бар мүмкүнчүлүктүн кадырына жетишет», — деди шаар казысы.

Медресе мүдүрү Кутман ажы Орунбаевдин айтуусунда көзү азиздердин арасында тамгадан баштагандардан тарта 30 пара угуп жаттагандарга чейин бар. Ошондой эле  атайын Нарын шаарынан келген агабыз да тамгадан баштап, учурда Куран окуп калгандыгын айтып өттү. Бул окуу курсуна жалпысынан 10го жакын көзү азиз жаран активдүү катышкан.

Ал эми окуу жайдын жетекчилиги тарабынан атайын көзү азиздер үчүн Куран басылып, белек кылынды.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button