Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмү өлкө аймагындагы диний окуу жайларды текшерип, алардын ал абалдары менен жеринде таанышууда.
Текшерүү комиссиясынын курамына кирген Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү жана КМДБнын окуу бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарындагы, Чүй, Талас облусундагы диний окуу жайлардын ал-абалы менен жеринде таанышып, окуу программалары, класстык журналдары, окуу жадыбалын, китепкана жана ашканаларын текшерүү менен диний окуу жайлардын окуу сапатына, техникалык абалына баа беришүүдө.
«Текшерүүнүн башкы максаты диний билим берүүчү окуу жайлар үчүн окуу пландарын жана зарыл болгон иш пландарын даярдап берип, көзөмөлдөө аркылуу келечектеги билими терең, адеби жогору, коом менен жуурулуша алган, алардын көйгөйүн түшүнүү менен жөндөмдүү кадрларды даярдоо»,-деди КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.
Муну менен катар бирдиктүү окуу планынын ишке ашуусу, окутууда мазхабдык жана акыйдалык багыттын сакталуусу, окуу куралдардын жетиштүүлүгү жана окуу пландары каралды.