Кыргызстан Мусулмандарынын 7 Курултайында бекилген Борбордук Текшерүү комиссиясынын төрагасы Бактыбек ажы Нурдинов өз ишин баштады.
Кыргызстан Мусулмандарынын Борбордук Текшерүү комиссиясынын төрагасы Нурдинов Бактыбек Сарбагышовичтин өмүр таржымалы
4-марта 1966-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок-Молдо айылында жарык дүйнөгө келген.
БИЛИМИ:
1988-1992-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун “Алгачкы аскердик даярдык жана дене тарбия” факультетин аяктаган.
2014-2019-жылдары Кыргызстан Ислам Университетинин “Шариат” факультетин бүтүргөн.
2017- 2019-жылдары Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтун (ISITO) информатика-экономист тармагында билимин жогорулаткан.
ЭМГЕК ЖОЛУ:
1986 -1988-жылдары Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында “сүрөтчү, декоратор”.
1992-1995-жылдары Тоголок Молдо айылындагы Ленин атындагы орто мектебинде мугалим.
1995-1996-жылдары Бишкек шаарындагы N67 орто мектеп-гимназиясында мугалим.
2000-2003жылдары Кыргызстандын элинин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо комитетинде укук коргоочу.
2003-2006-жылдары “Дил-Мүрөк” коомдук бирикмесинде директордун милдетин аткаруучу
— ТСЖ (Жодар) бирикмесинде төрага
— Кыргыз Республикасында адеп-ахлактык жана билим берүүчү программаларды жайылтуу боюнча Ислам Демилгесинин Координатору
2008-жылы Коомдук парламенттин мүчөсү.
2008-2010-жылдары Мусулмандардын укуктарын коргоо комитетинин төрагасы.
2010-жылы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын басма сөз катчысы.
2012-жылы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын “Ажылык-Умра” борборунун кеңешинин көзөмөлдөөчү мүчөсү.
2006- 2014 -жылдары Кыргызстан Мусулмандарынын Борбордук Азиядагы Конгрессинин мүчөсү .
2014- 2016-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын раиси.
2016-жылы “Сулуу-Төр” КБнын төрагасы
2017-2021-жылдары Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Борбордук
Текшерүү комиссиясынын мүчөсү.
СЫЙЛЫКТАРЫ:
2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы.
2011-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын Ардак грамотасы
Үй-бүлөлү, 4 баланын атасы