Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Кострома облусуна барып, Кыргызстандык мекендештер менен жолугушту.
Иш-чара алкагында сүйүктүү пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр баяны боюнча сынак өтүп, жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар берилди.
«Биздин коом, биздин элибиз китеп окуган, илимге кызыккан коом болуп эсептелет. Пайгамбарыбызды (САВ) биз китеп окуу аркылуу таанып билебиз. Чет жердеги мекендештерибиз менен дайыма байланышта болуп, аларга динибиздин асыл баалуулуктарын жеткирип туруубуз зарыл. Костромадагы мекендештерибиз дагы мындай иш-чараларды көп өткөрүү керектигин айтышты»,-дедиСүйүмбек ажы Жусубалиев.
Ушул эле күнү КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү Кострома облусунун муфтийи Ришат ажы Сайдашев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу жаатында пикир алышты.