Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Якутск шаарында эмгектенген мекендештерибизден кабар алып, алар менен жолугушууларды өткөрдү. Иш-чарага дин аалымы Абдулазиз ажы Юлдашев катышты.
Мекенибизден алыс жерде эмгектенип жүргөн мекендештер менен жолугушуу учурунда Сүйүмбек ажы Жусубалиев ыйман, адеп-ахлак, адал эмгек, үй-бүлө баалуулуктары, бала тарбиясы, чынчылдык боюнча баяндамаларды жасап, алардын кызыккан суроолоруна жооп берди.
«КМДБнын жыл башындагы иш планынын алкагында мекендештерибиздин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өзгөчө Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча маалымат берип, дин аалымдары менен биргеликте баяндамаларды уюштуруп келебиз. Чет жерде окуп, иштеп жүргөн мекендештерибиз дагы терс диний агымдардан оолак болуп, аларга туура багытты көрсөтүү керек»,-деди КМДБнын Орусиядагы өкүлү.