Кара-Кулжа районунун башкы имам-хатиби Дастан ажы Мамаев Кара-Кулжа районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Чынар Кармышакова менен жолукту. Жолугушууда COVID-19 ылаңынын кесепеттери жана калайыкты илдеттен коргоо боюнча пикир алышты.
«COVID-19 өткөн жылы дүйнө жүзүн, анын ичинде бизди да сестентип койгон эле. Бирок, бул жылы жарандар психологиялык жактан көнүп калдыбы же кайдыгерликтенби, мурункудай санитардык эрежелер сакталбай калды. Тилекке каршы, аталган вирус жок болуп кеткен жок да. Вирусту жеңүүнүн эң эффективдүү жолу – санитардык эрежелерди бекем сактоо. Ушул боюнча сиздер да жардам берип, жума намаздарында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзсөңүздөр бизге чоң жардам болоор эле», – деди үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору.
Ал эми Дастан ажы Мамаев ислам дини адам баласынын саламаттыгына абдан катуу көңүл бура тургандыгын айтып, санитардык талаптарды сактоо жана ден соолукка кам көрүү жаатында муфтияттын жана казыяттын тапшырмаларынын негизинде бир топ иш-чаралар аткарылгандыгын билдирди.
There are some attention-grabbing points in time on this article but I don’t know if I see all of them heart to heart. There’s some validity but I will take hold opinion till I look into it further. Good article , thanks and we want more! Added to FeedBurner as nicely
I am pleased that I discovered this web site, precisely the right information that I was searching for! .