Жети-Өгүз жана Тоң райондорунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган Арсланбек Малиевтин депутаттык мандатын кайра чакыртып алуу боюнча кол топтоо башталды. Бул тууралуу аталган райондун акиивисттери кабарлады. Алардын кайрылуусу төмөндөгүчө:
“Урматтуу, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун тургундары!
Жети-Өгүз, Тоң райондорунан жогорку кеңешке депутат болуп шайланган Арсланбек Малиевтин депутаттык мандатын кайра чакыртып алуу боюнча элдин колун топтоп баштадык.
Активдүү катышып туура пикиринерди бересиздер деп ишенебиз.
Кол топтоого эмне себеп болгонун баарыңыздардын кабарыңыздар бар деп ойлойм.
Эң негизги нааразычылык Ыйык Курандын аяттарын толук окубастан,элдин оюн бурмалоого аракет кылгандыгы себеп болду”,–деп айтылат билдирүүдө.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Эл кыдырып, кол топтоого көмөк көргөзөм деген каалоочулар болсо төмөнкү номурга чалыңыздар:
Тел.: 0709138525 (Рыскулбек)
Кетсин! Арамтамак тенирчи десе
Кетсин