alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Кадамжайда аялдар үчүн жыйын өтүп, ислам дининдеги аялдардын орду, укугу жана баалуулугу айтылды

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында аялдар үчүн атайын жыйын болуп өттү. Жыйынга КР ДИМКнын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Мурзабеков Исакбай Камалович жана Баткен облусунун мусулмандар казысы Нуридин ажы Мамасабиров катышты.

Аялдар үчүн уюштурулган бул жыйын атайын Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан №02-104 буйругунун негизинде  терроризм жана диний экстремизм идеологиясына каршы аракеттенүү маселелери боюнча өткөрүлүп, облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров ислам дининдеги аялдардын орду, укугу жана баалуулугу ошондой эле Абу Ханифа мазхабы, Матурудий акыйдасы тууралуу баяндама жасады.

«»Исламда аял кишинин орду жогору бааланган, Пайгамбарыбыз (с.а.в) да эненин таманын астында бейиш деп айткан, андыктан келечек муунду туура жолдо ыймандуу кылып тарбиялоодо сиздерин кызматыңыздар өтө чоң»,деди облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров.

Ал эми КР ДИМКнын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабеков  «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат» тууралуу кеңири маалымат берди.

«Урматтуу энелер!  Дин комиссиясы деген сөздү айтышат бул  туура эмес. Дин Аллага таандык, биз дин иштери боюнча комиссиябыз,  Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын жөнгө салуучу  конституция, дин тутуу эркиндиги, КР укук бузуулар жөнүндө кодекс сыяктуу  бир канча мыйзамдар бар, аларды билип туура так аткарышыбыз жана сыйлашыбыз керек”-деди Исакбай Мурзабеков.

Иш-чарага келген аялдар өздөрүнүн кызыктырган суроолоруна жооп алышып, жыйын пайдалуу маалыматтарга бай болгонун айтып, уюштуруучуларга жана келген конокторго ыраазычылыктарын билдиришти. 

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button