Тоң районунун Ж.Бөкөнбаев айылынын 1994-жылкы жаштары айт майрамынын урматына карата бөбөктөр үчүн майрамдык иш-чара уюштурушуп, атайын таттууларды таратышты. Майрамдык саамалыкка күбө болушкан ата-энелер жана айыл тургандары мындай иш-чаралар карапайым элдин жүзүнө кубаныч тартуулагандыгын айтышты.
“Жаштар биздин келечек. Мынакей айылыбыздын жаштары бөбөктөр үчүн атайын айт майрамынын урматына карата атайын майрамдык иш-чара уюштуруп, алардын жүздөрүнө кубаныч тартуулады. Эми ушул бөбөктөр эр жетип чоңойгондо андан кийинки муундарга дал ушундай иш-чараларды уюштуруп беришет. Себеби “аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт”,-дегендей булардын эсине калат ушул майрам. Буюрса бул саамалыкты салт катары улантып кетели деп ниет кылуудабыз”,-деди Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов.