Бүгүн, 6-майда Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятында имамдарга Куран таркатылды.
Мында Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан келген Курани-Каримдин мааниси жана түшүндүрмөсү камтылган китептер Жалал-Абад облусундагы мечиттерде иштеп жаткан имамдарга, медресе мугалимдерине колдонмо курал катары акысыз таркатылды.
Иш-чарага Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Жээнбеков Нематулла ажы казыят кызматкерлери менен катышып, облустун казысы өз сөзүндө буларга токтолду.
“Рамазан айы – бул Куран айы. Ошондуктан сиздерге Куран китебин жана анын маани-маңызын чечмелеген котормосун берип жатабыз. Ушул китептерди жазып, басып чыгаргандарга жана биздин колубузга жетип келүүсүнө себепкер болгондорго терең ыраазычылыгымды билдирем»,-деди Немутулла ажы.