Кечээ, 13-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы Исмаил Аль-Бухарий жума мечитинде республикалык Куран жарышына тандоо туру өтүп, ага 20 талапкер катышты. Калыстар тобунун чечиминин негизинде 30 пара боюнча 1 орунду Хажыакбар Ахмедов камсыздаса, 20 парадан 1 орунду Абдулла Умашкаримов ээледи. Ал эми 10 пара боюнча 1 орунга Акжол Жусупов озуп чыкты.
Тандоо турунун соңунда Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын орун басары Давранбек ажы Жунусалиев облус казысы Нематулла ажы Жээнбековдун атынан катышуучуларга ыраазычылык билдирип, жеңүүчүлөргө республикалык Куран жарышына жолдомо баракчаларын тапшырды.