Дин аалымдарынын турган кыргызстандык делегация Анжиян облусундагы “DiROMM jeans» ишканасын зыярат кылышты. Өндүрүш мекеменин жетекчилиги учурда ишкана жынсы буюмдардын 200 түрүн чыгара тургандыгын айтып, кездемелерди боёодон баштап, тигүү буюмдарына чейинки бардык процесстер заманбап технологиялар менен ишке ашырыла тургандыгын билдирди. Ишкана Италиядан, Австриядан жана Түркиядан келген тигүү жана сырдоочу жабдууларды орноткон. Учурда 1,5 миң адам эмгектенет. Толук кубаттуулукка чыккандан кийин 2 миңден ашуун туруктуу жумуш орундары түзүлөт.
“Өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 3,5 миллион даана даяр трикотаж жана 5 миң тонна жарым фабрикат чыгара алат. Бүгүнкү күндө продукциясынын бардык көлөмү экспорттолот”,-деди ишкананын жетекчилиги.
Муну менен катар ишканада бур учурда 800 жумушчу тамактана турган ашкана жана намаз окулуучу жай каралгандыгын айтышты.
Азирети Муфтий Замир кары Ракиев “DiROMM jeans» ишканасынын жалпы эмгек жамаатынын ишине ийгилик каалап, тапканадарына Алла Тааладан береке тиледи.
Эскерте кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев баштаган чоң делегацияны Өзбекстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Хамиджан ажы Эшматбеков коштоп жүрүүдө.