Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев Абдусаттар уулу Джаббор дамбылланын каза болгондугуна байланыштуу жакындарына көңүл айтты:
Дамыллабызды Аллах рахматына алган болсун. Чындыгында баарыбыз аны эң жакшы кулк- мүнөзгө ээ болгон момун мусулман катары тааныйт элек. Тагдырына мына ушундай жазылган экен, баарыбыздын жүрөгүбүздү сыздатып, бул жалган дүйнө менен кош айтышып кете берди. Арабызда эле жүргөн жакшы адамдардан айрылуу чындыгында кыйын нерсе. Жакындарына, тууган урук жана уул кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Күндөрдүн султаны болгон Жума күнү чыныгы сапарга аттанды. Кудай Тааладан суранарыбыз түбөлүк жашоосунда бейишинен орун берген болсун.
Абдусаттар уулу Джаббор Максым дамылланын жаназасы бүгүн, 13-август күнү саат 14.00дө Бишкектин Ала Тоо конушундагы «Рашид Сайид» мечитинде окулат.