alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Макалалар
Эң мыкты

Бек Борбиевге жооп: Мунафыксыңбы, каапырсыңбы ким болсоң да динге асылба?

Мындан бир нече күн мурун Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев улуттук идеологияга өлкө башчысы басым жасашын талап кылыш керек экендигин айтып, кыргыз коомун ашкере динге берилүүсүнө каршы пикирин айткан.

Ырчынын сөзүнө белгилүү укук коргоочу Кубанычбек Бакиров жооп кылды. Ал Бек Борбиевдин сөздөрүн негизсиз деп атады. Укук коргоочунун пикирин толугу менен, өзгөртүүсүз окурмандарга сунуш кылабыз:

МУНАФЫКСЫҢБЫ, КААПЫРСЫҢБЫ, МУСУЛМАНСЫҢБЫ, КИМ БОЛСОҢ ДА ДИНГЕ АСЫЛБА?

“Мен да мусулманмын, атам намаз окуган, жүрөгүм таза, мен да исламга каршы эмесмин, БИРОК, биз светтик өлкөбүз, мечит, медреселер, дааватчылар көбөйүп, кыздарыбыз оронуп, чүмкөнүп, жигиттер сакал коюп, узун кийинип, арабдарды туурап, Кыргызстан жок болуп, Афганистан, Сирия болуу коркунучу турат, кыргыздар жок болуп баратабыз” – деп ыймансыз сөздөрдү айткан мунафыктар козу карындай чыга баштады. Аларды кээ бири коомдук ишмер, депутат, министр, атактуу адамдар болсо, көпчүлүгү эч ким тааныбаган эле көбүнчө жашы 45-50 дөн өтүп калган бир адамдар. Булардын айтуусу боюнча, булар динге толук 100% каршы эмес, диндин азыркы убактагы кээ бир көрүнүштөрүнө гана каршы, булар кыргыз ата бабабыз карманган каада салт, ишеним, менталитет, жүрүм турум, кийинүүгө ылайык жашабашагандар жана кыргыздын жок болушуна алып бараткан – ушул мусулмандар гана имиш. Ушул пикирлерди айтып жаткандардын дээрлик 99,99% ынын жеке жашоосун, профилдерин, сүрөттөрүн, статустарын карай турган болсок, өздөрү өздөрүнүн айткан сөздөрүнө эч амал кылышпайт экендигин көрө аласың, аялдары жылаң баш, чачтары кыска, боелгон, шымчан, кыска юбкачан, той топурларда тайраңдап, секирип жүрүшөт, эркектери деле костюм шым, кепка, б.а. европа, орус, батышты туураган жашоо образын көрөсүң, арак шарапты каалагандай ичишет, сүйлөгөн сөздөрү, ойлору деле каалагандай ойлонушат, бир тутунган идеологиялары ЖОК, кыргыздын калпагын, элечегин кээ бир күндөрү кийишет, калган 364 күнү жалаң баш, шортикчен, жарым жылаңач, анан кээде диний иш чараларда көрүп калышың да мүмкүн, мисалы орозодо ооз ачарда, тууганынын жаназасында, баталарда, булардын дини ушул менен чектелет. Же толук кандуу кыргызча жашашпайт, же динде деле эмес, же орус, европеец болуп кетишпеди. Эми Ислам дини, мусулмандар жөнүндө сүйлөгөн сөздөрүн, постторун карасаң, мусулмандарга “кайын эне”, Алланын динине “ревизор”, “эксперт”, “тыйгыч, токтоткуч”, “умный”, “адамзатка жол көрсөткүч, устат”, “даанышман, философ, ойчул, баарын билгич” катары боло калышат. Жен динден, диндин негиздери (Таухид, акыйда, ишеним, ыйман) жөнүндө кабары, түшүнүктөрү деле жокко эсе. Же исламдын негизи, тамыры болгон Куранды жакшы окуп чыгып, ой жүгүртүп, түшүнбөгөн, шек күмөн жараткан жерлерин аалымдардан тактап, сурап да көрүшкөн эмес, же Европа, Батыштагы кээ бир каапыр илимпоздор сыяктуу Куранга илимдин күзгүсү менен да карай алышпайт. Жеке пикирлерине ээ болууга, албетте, ар кимдин өзүнүн укуктары бар, биз ал жеке пикирлерине каршы эмеспиз, бирок мусулмандардын жеке жашоо, ибадаттарына тоскоолдук жаратуу максатында ар кандай (мечиттерди жабып, азайтыш керек, хиджабка тыюу салыш керек, дааватты жабыш керек ж.б.у.с.) чакырыктарды ооз эки жасашкандыгы жана уже физический чабуулдарга да өтүшкөндүгү ашыкчалык болууда (учурлар көп). Ушундай динге терс көз караштагы өзгөчө коомго таанымал адамдардын динге чабуул жасагандыгы бизди кыжаалат кылат, анткени аларды ээрчигендер көп болуп, ошол ээрчигендерди мусулмандарга каршы тукуруп жаткандыгы бул душмандык, жана ушул коомдук адамдар кечээ, эртең шайлоого же мамлекеттик кызматтарга умтулуусу толук ыктымал, анан алар ошол кызматтарга барып алгандан кийин дагы өздөрүнү каапырчылык көз караштарын, сөзсүз, таңуулайт жана мусулмандарга физический түрдө каршылыктарын ишке ашырышы толук ыктымал, андайларды көрүп эле келебиз, андай типтер жетиштүү.

Ким ички жеке дүйнө таанымы менен каапыр же чала мусулман болот¸биз ага көп кыжаалат болбойбуз жана анын жеке жашоосуна деле кызыга бербейбиз, а бирок ошолор мусулмандарга чабуул жасаса, биз жөн тура албайбыз, себеби “биринчи сөзү, кийин өзү” дегендей, азыр динибизге оозэки каршылыгын билдирип жатышкандар, эртеби кечпи эртең ишке да өтөт, жеке бир карапайым адам ошентсе, көп маани бербейбиз, а бирок коомдук таанымалдуулугунан пайдаланып мусулмандарга бут тосуучулук кылууну каалагандарга жооп берүүнү каалайбыз, балким копол, одоно түрдө, бирок реакция кылабыз, оозэки кайтарабыз.

Мисал үчүн, ушул Бек Борбиев агабыз буга чейин өзүнүн ырчылыгы менен мусулмандарга асылбай жүрчү эле, бирок акыркы күндөрү Исламга сын пикирлерин ачык айта баштап, “дин жайылса Афганистан, Сирия болуп кетишибиз мүмкүндүгүн, дин жайылганына байланыштуу кыргыз жок болуп бараткандыгын” айтып, дин менен кыргыз улутун карама каршылаштырып жаткандыгын көрүүдөбүз. Бул адам жогорку кенештин депутаттыгына да аттанып жүргөн, артында ошончо күйөрмандары бар, ошол дүйнө таанымы калыптана элек күйөрмандарын да исламга каршы тукурууда, акыркы эле постун карасаң, комментарийлеринде исламга каршы “досторун” огош бетер күүлөндүрүп жатат. Эмнеге тегерегинде жарым жылаңач жүргөн кыздарга акыл насаат айтпайт, эмнеге өзү алып барган тойлордо 50-60 га чыгып калган апа, аталардын жарым жылаңач кийимдерине, арак шарап ичкенине, ообу жок бий,оюндарга катышкандарга сын пикир, акыл насаат айтпайт, эмнеге өзү кыргыздын сүрөтүн көрсөтпөйт, дайым ыр күлкү, дуэттер, концерттерде жүрөт, же кыргыздар ошентип жүрүшкөнбү, эмнеге ыйман, дин менен жашагысы келген мусулман кыздарга, жигиттерге асылып жатат. Себеби, ыйманы жок, шайтандын жолунда жүргөн, жашаган адам гана ошентет. Эки жүздүү экендигин пост, видеолорунан эле көрсөк болот, чоң апасы “билимиң жок болсо, дин жөнүндө терс пикир айтпа” деп ага эскерткендигин өзү эскерип жатса дагы, динге терс сын пикирин айтууда, мындай адам эртең Жогорку кеңешке же башка кызматка келип калса, мусулмандарга күн көрсөтпөйт, теңирчилер менен биргелешип, мечит, медресе, даават, хиджабдарга каршы чыгат. Мындайларды биз ар кандай жолдор менен эскертебиз, кайтарабыз, өзүң каапыр же чала каапыр болсоң, өзүңдүн ыктыярың, бирок бизге, мусулмандарга чабуул жасабагын, чабуулган туруштук бере албайсың, мусулмандар ыйык дини үчүн баарын курбанчылык кылууга даяр. А эгер ислам дини тууралу кандайдыр шек күмөндөрүң, түшүнбөстүктөрүң болсо, дебат, талкулоо иретинде жеке илимдүү, тажрыйбалуу чөйрөдө, кааласаң, түз эфирде акыйкатты издене бер, бирок конкреттүү аргументтер менен, Сирия, Афганистаныңды айтпай, сен күмөн санаган Курандан аяттарды келтирүү менен. Эгер сен ушул бойдон өтүп кетсең, жаназаңа барбайм, башкаларды барбоого чакырам, сага кудалашпоого да чакырам, себеби бузукулук пикирлериң бар болгону үчүн. Өзүң жашың да бир топко барып калыптыр, а бирок дагын деле ойноп күлүп жүрөсүң, акыл насаат айта турган курагың келип калса да, тескерисинче, ыймандуулук, уяттуулукка каршы чыгып жатасың. Өзүң улутчулдукту шылтоо кылып, нукура кыргызмын деп айтып жатасың, видеолоруң, постторун болсо, тескерисин айтып жатат. Же нукура кыргыз эмессиң, же толук мусулман эмессиң, бардык ааламдарды, сени, мени жараткан Аллах Тааланын динине “ревизор, эксперт, кайын эне” болбой, каапырчылык көз караштарыңды дагы бир ирет караштырып, калыс таразалап көрчү, тегерегиңде жүргөн илимдүү таксырлардан сурачы, а бирок биздин динибизди тыям, азайтам, токтотом деп ойлобо, ал ниеттериңе жетпейсиң, а бирок бүгүн, эртең жаныңды Өлүм периштеси сууруп кетсе, кеч болуп калат. Биз дагы убагында жалган маалымат булактарына алданып, исламга, мусулмандарга чоочулоо көз караштар менен жүргөнбүз, бирок ал көз караштарым ичимде гана жүргөн, мусулмандарга ачык чабуул, тоскоолдук кылган эмесмин. Кийин видеолордон ислам тууралу таанып, билип ыйманга кайттым, Алхамдулиллах. Сен дагы ыйманга кайт, чала мусулман, мунафык болбо, диниме орунсуз асыла бербе. Коомдук адам болуп ошентип жатканың үчүн кайтарып жатам, азыр кайтарбасам, эртең МАЛиев, Масалиев, Жанар Акаевдер сыяктуу депутат болуп алганыңдан кийин да катуу душмандык кылууң мүмкүн, мусулмандар сага зыян бербейт, болгону оозэки кайтарышат, бирок “АЛЛАНЫН АЗАБЫ ЖАЗАСЫ, ТЕЗ КЕЛЕТ” экендигин унутпа. Динибиз тууралу сүйлөшүүгө, сохбеттешүүгө, ыймандашууга, пикир алмашууга биз дайым даярбыз, талашып тартышууга каалоо жок.

Кайталамын, ким Ислам дининин бир бөлүгүнө (парзына, сүннөтүнө, бир өкүмүнө) болсо да нааразы, ыраазы эмес, каршы болсо, ал ыйманы жок каапыр болуп саналат, а ким диндеги бир кичинекей мустахаб амалды шылдыңдап, кемсинтсе, ал дагы каапыр болот. Ислам динине толук шек күмөнсүз ишенүү, 100% кабыл кылуу, ыраазы болуу, сыймыктануу – мына ушул ыйман. Ыймандын, диндин негиздери Куранда жана Сүннөткө так, даана белгиленген, ачыкталган, Сирия, Афганистан, Арабдарды туураган эч ким жок, Куран, сүннөттү ээрчиген мусулмандар гана бар.

Аллах Таала Куранда айтат (мааниси): “Бул дүйнөгө ойноп, күлүп, жыргаганы ГАНА келдик деп ойлойсуңарбы, силер Аллага кайтпайбыз деп ойлойсуңарбы, акылга келбейсиңерби, ой жүгүртпөйсүңөрбү”.

Аллах Таала айтат (мааниси):

“Кимиңер жакшы салих амалдарды жасайт экендигин сыноо үчүн ушул дүйнө жашоосун, өлүм менен өмүрдү жараттык. Кайтууңар Аллахка”.

(төмөндөгү видео, постторуңду бир көрүп, канчалык мусулмансың, канчалык нукура кыргызсың, канчалык “кыргыз бол, кыргыздар жок болуп баратат” деген сөздөрүңө амал кыласың, ошого калыс таразалап көр, анан ошого жараша акыл насаат айт).

Кубанычбек Бакиров, укук коргоочу

Бул да кызыктуу

4 пикир

  1. Бектин озун шефи курманбектин жанында айдаш керек кыргызстандагы муслмандар жакпай жатса

  2. Орустардын жашоосун туурап жашап калган экен кайран гана кыргызым🤦‍♂️🤦‍♂️ жада калса похоронду да копировать этишиптир .

    Аллахка шугур азыр динибизди эми тушунуп жаткандар кобоюудо . бирок ушундай келесоолор бар да ою бузуктар.

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button