Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов жергиликтүү жалпыга маалымат каражаттары аркылуу үй-бүлөлүк салтанаттарды, аш-той жана маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкорчулукту жоюу жана тартипке келтирүү максатындагы КР президентинин жарлыгынын алкагында коомчулукка кайрылуу жасады.
“Ислам дининде болсун, дүйнөлүк илимдерде болсун, улуу ойчулдардын, саясатчылардын жазгандарында болсун ысырап кылуу, байлыкты маанисиз чачуу өтө чоң айып катары белгиленет. Эл байып, турмуш жакшырган сайын, ысырапкорлор көбөйүп жатат. Мунун баары –ысырапкорчулук, элди кедейликке түртүүнүн бир белгиси”,- дейт Чойбек ажы.
Бүгүнкү күндө ашыкса ысырап кылуу күч алгандыгын билдирген баш имам-хатиб бул жаатта Балыкчы шаарындагы дин кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады.