alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
ЖаңылыктарКоомМакалаларРубрикасыз

Араванда мектеп окуучуларына «Этностор аралык мамиле» аталышындагы жыйын болду

Ош облусунун Араван районуна караштуу Чек-Абад айыл аймагындагы «Мырза-Улукбек» атындагы орто мектебинде «Этностор аралык мамиле» деген темада мектеп окуучуларына атайын жыйын болуп өттү.

Жыйынга Араван районун башкы  имам хатиби Алибек ажы Жусупов, этнос аралык агенттигинин райондогу катчысы Мурадыл Тохтасинов жана укук коргоо органдары катышты.

Иш-чарада Араван районунун башкы имам хатиби Алибек ажы Жусупов мектеп окуучуларын ынтымакка, биримдикке жана илим алууга чакырды.

«Пайгамбарыбыздын (САВ) бир хадисинде мусулмандын мусулманга үч күндөн ашык таарынбоосу тууралуу айтылган. «Алар бири-бири менен жолугуп калышса биринчиси жүзүнү башка тарапка, экинчиси башка тарапка бурушат. Алардын эң жакшысы биринчилерден болуп салам бергени”, -деп келет. Мына ошондуктан эч качан таарынбайбыз жана бири-бирибизге жаман сөз сүйлөп бөлүнбөйбүз», — деди Алибек ажы Жусупов.

Эскерте кетсек, мындай жолугушуу Аравандын Маңгыт айылында дагы болуп өттү.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button