Урматтуу мусулман биртуугандар, мекендештерим!
Жалпыныздарды кирип келген ыйык Рамазан айыңыздар менен чын жγрөктөн куттуктайм. Алла Таала ар бир кылган ишиңиздерге берекесин берип, ийгилик жана жардамын насип кылсын. Рамазан айы – бул кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган ай.
Рамазан айы – бир диндин, бир ишенимдин коргонунда бизди бириктирген, дилдерди баш коштурган, боордоштукту бекемдеген улуу айлардын бири.
Пайгамбарыбыз Мухаммад Алейхис- Саламдын: «Ким Рамазан айында (акыретке) ишеним жана Аллахтан сыйлык үмүт кылып орозо кармаса, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет» деген сөзүнө ылайык, баардык мусулман бир туугандардын күнөөлөрү кечирилип, бейишке Ар-Райян эшигинен кирүүнү баардыгыбызга насип этсин.
Аллах Таала эмнени орозодо убада кылган болсо, баардыгыбызга насип кылсын.
Дагы бир жолу кирип келген Рамазан айыңыздар кут болсун!
Терең урматтоом менен,
Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Алмазбек Ажы Сагындыков