Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Алай районунун Гүлчө айылына караштуу Марифхан уулу Жолборсхан төрө ажы атындагы борбордук «Алай-Гүлчө» мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолукту.
Облус казысынын орун басары жолугушууда ысырапкерчиликтин залалдары боюнча кеңири сөз кылып, карапайым калкка түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
“Ысырапкерчилик бул – Алла Тааланын бизге ыроологон немат, жакшылыктарын ыксыз чачуу, максатсыз пайдалануу деп түшүнгөнүбүз оң. Бир жерде тамак-аш желбей, ыргытылып же канализацияга ташталып жатса, башка жактарда жегенге нан таппай ачка отурган мекендештерибиз бар”, – деп билдирди Алибек ажы Жусупов.
Эскерте кетсек, КР Президентинин “Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адатын тартипке келтирүү” жөнүндөгү Жарлыгын аткаруу алкагында Ош облустук казыяты да жигердүү иш алып барып, жалпы райондордо түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.