Ош облусунун Алай районундагы борбордук Гүлчө мечитинде райондун баш имам-хатиби Тиллабай ажы Кадыров Матуридий акыйдасы жана Ханафи мазхабы боюнча баяндама жасады.
«Алла Таала Аали Имран сүрөсүнүн 103-аятында «Баарыңар Алланын жибин (динин) гана карманып, бөлүнүп-жарылбагыла»,- деп айткан. Ошондуктан бардыгыбыз биримдикте болушубуз шарт. Мусулмандарды бөлүп-жарган агымдарга кулак салбай, динибизди жакындан таанууга аракет кыла берели», – деди баш имам хатиб.
Эскерте кетсек, облус аймагында Матурудий акыйдасы жана Ханафи мазхабы боюнча түшүндүрүү иштери кызуу жүрүүдө.