Бүгүн, 12-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Ош шаарына расмий иш сапары менен келди. Аны Баткен, Жалал-Абад, Ош облусу жана Ош шаарынын казылары тосуп алышты.
Айта кетсек, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Ош шаарына жасаган расмий иш сапарынын алкагында төмөнкү иш-чараларга катышат:
Саат 8:30 — Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов менен жолугат.
Саат 9:30 — Ош шаарынын жалпы имамдарына жыйын өткөрөт.
Саат 11:00 — Ош шаарындагы «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын диний окуу борборунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыруу аземине катышат.