alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Малайзиялык жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясынын эксперттери менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Малайзиялык жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясынын эксперттери менен жолугушту. Жолугушууга корпорациянын жетекчиси Абдулла Хидаят Мохамад, биргелешкен команданын өнөктөштөрү жана лидерлери Шамсул Камар Рани, Хазиратул Мардхиах Хамдан, Норхана Рамли катышып, Дин Башкармалык  тарабынан жүргүзүлүп жаткан халал тармагындагы окутуу программаларын талкуулашты.

Жолугушууда жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясынын эксперттери халал индустриясын өнүктүрүүдө Дин Башкармалык менен тыгыз кызматташуу сунушун айтышып, бул жаатта кеп-кеңештерди алууга даярдыктарын билдиришти.

«Кыргызстанда «Халал парк» долбоору боюнча изилдөө жүргүзүп, юридикалык, финансылык, халал стандартка шайкеш келтирүү боюнча иш алып баруудабыз. Буюрса сиздер бул жаатта бизге көмөк көрсөтүп, тыгыз кызыматташабыз деген ойдобуз. Биргеликте  «Халал парк» долбоорун ишке ашыралы»,-деди ислам корпорациясынын эксперттери.

Ал эми Азирети Муфтий Муфтият Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу шайкештикти баалоо системасын жөнгө салуу жана адал индустриясы менен биргеликте иш алып барып жаткандыгын айтып, кызматташууга даярдыгын билдирди.

КР Экономика министрлигине караштуу шайкештикти баалоо системасын жөнгө салуу жана адал индустриясынын бөлүмүнүн башкы адиси Алмаз Кайырбеков «Халал парк» долбоору абдан маанилүү экендигин айтып, учурда бул жаатта изилдөөлөр жүрүп жаткандыгын билдирди.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button