Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев учурда жол кырсыгынан адамдардын жаны көп кыйылып жаткандыгын баса белигеп, айдоочуларды жоопкерчиликтүү болууга жана адамдын өмүрү менен ойнобоого чакырды.
Муну менен катар Азирети Муфтий жол кырсыктарынын көбөйүшү менен чоң жоготуулар болуп, жаш балдар жетим калып, ата-энелер азап тартып жатканын айтты.
«Социалдык тармактарда үрөй учурган жол кырсыктарын көрүүгө болот. Бул адамдын зээнин кейитет. Өзгөчө такси кызматын аркалагандарга эскертем, акча үчүн адамдын өмүрү менен ойнобогула. Жолго чыгаардын алдын унааны текшерүүдөн өткөрүп, эс алуу керек. Жолдо жүрүүнүн эрежесин так сактап, аманатка кыянат кылбайлы»,-деди Азирети Муфтий.
Have you ever considered about adding a little bit more than just your articles? I mean, what you say is important and everything. But just imagine if you added some great images or videos to give your posts more, «pop»! Your content is excellent but with images and video clips, this site could certainly be one of the very best in its niche. Fantastic blog!