Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиев Дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясынын генералдык секретары доктор Салих аль Вохайби менен жолугушуп, кызматташууну талкуулашты.
Тараптар эки өлкөнүн достук алакаларын бекемдөө менен тажрыйба алмашууну жана дин кызматкерлеринин билими деңгээлин көтөрүүнү сүйлөшүштү.
Азирети Муфтий Кыргызстанга расмий сапары менен келген Дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясынын генералдык секретарына ыраазычылык билдирип, Диний Башкармалык эки тараптуу кызматташууну мындан дагы жакшыртууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушууга Бүткүл Дүйнөлүк Мусулман Жаштар Ассамблеясынын мүдүрү Мохамед Мади, КМДБнын ажы-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев, Хамидулла ажы Садиллаев катышты.