Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев өз өмүрүн дин тармагында арнап, өзүнүн өрнөктүү билимин берип, ислам дининин асыл баалуулуктарын элибизге жеткирүүдө үзүрлүү эмгектенген дин аалымы Бает уулу Сатылган ажынын 90 жаш курагында дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.
«Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сатылган ажы мусулман үммөтү үчүн жасаган зор, эмгеги эч кимдин эсинен кетпейт. Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Сабыр кылыңыздар, анткени, “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) экен. “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156). Сатылган ажынын үй-бүлөсүнө жана туугандарына күч-кубат берсин. Жаратканыбыз Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Жараткан Алла Тааладан тилеймин. Кайгыңарды тең бөлүшөбүз»,-деди Азирети Муфтий.
Эскерте кетсек, Бает уулу Сатылган ажы 1932 жылы Талас районунун Чат-Базар айылында жарык дүйнөгө келген. Өз өмүрүн дин тармагына арнап, казылык кызматын дагы үзүрлүү аркалаган.
Терең кайгыруу менен көңүл айткан,
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев