alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:53 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Азирети муфтий Замир кары Ракиев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил менен жолугушуп, кызматташуу жаатында пикир алышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиев Германия Федеративдик Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Габриэлла Геллил менен жолугушту. Азирети муфтий элчи айымды жылуу кабыл алып, эки  өлкөнүн достук алакаларын бекемдөө, кызматташуу,  диний кырдаал, экстремизм, терроризмдин алдын алуу жана улуттар  аралык мамилелер боюнча пикир алышты.

«Ислам тынчтыктын дини. Динибиз терроризмге каршы. Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ар тараптуу кызматташууга даяр»,-деди Азирети муфтий.

 Эки тараптуу расмий жолугушуунун акырында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиев эки өлкөнүн достугунун бекемделе беришине тилектеш экендигин билдирип, элчи айымдын ишине ийгилик каалады.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button