Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Египет мамлекетинин Каир шаарында өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк фатва берүү мекемесинин башкы катчылыгы тарабынан уюштурулган «Санарип доорундагы фатва мекемелери: өнүгүү чакырыктары жана кызматташуу механизмдери» аттуу эл аралык конференциянын алкагында бүткүл дүйнөлүк фатва берүү мекемесине мүчө болуп, алгачкы отурумга катышты.
Азирети Муфтий мекеменин бардык мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, конференциянын ийгиликтүү өтүүсүнө тилектеш экендигин айтты.