Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев АКШнын Цивилизациялар аралык кызматташтыгы жана алмашуу коомдук фондунун президенти, дин аалымы Мухаммад Башар Арафат менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда кызматташуу жаатында пикир алышып, тараптар тажрыйба алмашууну сүйлөшүштү.
Ал эми АКШнын Цивилизациялар аралык кызматташтыгы жана алмашуу коомдук фондунун президенти, дин аалымы Мухаммад Башар Арафат «Диний дипломатия» факультетин ачып жаткандыгын айтып, бул окуу онлайн жана офлайн форматында жүргүзүлөөрүн кошумчалады.
Жолугушууда Азирети Муфтий Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы АКШнын Цивилизациялар аралык кызматташтыгы жана алмашуу коомдук фонду менен мындан ары кызматташтыкты бекемдей бере тургандыгын билдирди.
Аталган тажрыйба алмашуу жолугушуусуна Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев катышып, 2017-2018-жылдары АКШда өткөн тажрыйба алмашуу жана дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу иш-чарасына өлкөбүздөн дагы бир катар аалымдар катышкандыгын билдирди.