Кечээ, 25-июнь күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев элибиздин руханий жан дүйнөсүн байытууга жана Ислам дининин асыл баалуулуктарын коомчулукка жеткирип, агартуу жаатындагы эмгеги үчүн Кыргызстан Ислам университетинин мугалими Эстебес ажы Ажыкуловду Ардак грамота менен сыйлады.
Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Эстебес ажы Ажыкуловдун эмгегин өзгөчө баалап, ага бекем ден соолук, бакыт-таалай жана Жараткандын колдоосун тилеп, дайыма эл кызматында үзүрлүү эмгектенип, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошо беришине тилектеш экендигин билдирди.