Бүгүн, 18-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Бириккен Араб Эмираттарындагы “Хидаят” экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык борборунун директору, доктор Али Рашид Аль-Нуайми менен жолугушту.
Эки тараптуу жолугушууда КМДБ менен “Хидаят” экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык борборунун кызматташуусу талкууланып, дин кызматкерлерин окуу, китептерди басуу, тажрыйба алмашуу жана экстремизмге каршы күрөшүү жаатында пикир алышты.
«Өлкө аймагында 2800 дин кызматкери, 113 окуу жайыбыз бар. Бүгүнкү күндө Ханафий мазхабы боюнча облустук казыяттарда окутуулар уюштурулуп, дин аалымдары сабак берип келишет. Максатыбыз ыймандуу коомду тарбиялап, калкыбызды терс диний агымдардан оолак кылуу»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.
Муну менен катар тараптар дин кызматкерлеринин фатва берүү, зекет жана вакф тармагындагы тажрыйбасын арттыруу жаатында окутууларды уюштурууну макулдашты.