Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары, 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев «Сулайман-Тоо» мечитинин жыйындар залында Жалал-Абад, Баткен, Ош облусу жана Ош шаарындагы ажыларды жетектеп баруучу ажы башчыларга лицензияларды тапшырып, ажылык сапарынын тартип, эрежелери менен тааныштырды.
«Ажы башчылык милдетин аткаруу жоопкерчиликти талап кылат. Барган жердин мыйзамына баш ийип, ажылардын ибадаттарды шариатка ылайык аткаруусуна жооптуусуздар. Эми убакытты туура пайдаланып, ажылыкка баруучу мекендештерибизге сабактарды уюштуруу жана ажылык ибадатынын тартип, эрежелерин түшүндүрүү керек», — деди штаб жетекчиси.