alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
Макалалар

🤫ЖАКШЫ СӨЗ СҮЙЛӨҢҮЗ БОЛБОСО ҮНЧУКПООНУ ҮЙРӨНҮҢҮЗ!

🤫ЖАКШЫ СӨЗ СҮЙЛӨҢҮЗ БОЛБОСО ҮНЧУКПООНУ ҮЙРӨНҮҢҮЗ!

🤫ЖАКШЫ СӨЗ СҮЙЛӨҢҮЗ БОЛБОСО ҮНЧУКПООНУ ҮЙРӨНҮҢҮЗ!

✍🏻 Кээде адамга бир сөздү айткандан көрө таптакыр үнчукпаганы жакшыраак болот. Ырас, жаман сөз айткандан үнчукпай калган алдаканча артык. Себеби, адамдын ар бир сөзүн жазып туруучу периштелер бар. Алла Таала Куранда аларды «урматтуу жазуучулар» деп ардактаган.
Пайгамбарыбыз (с.а.в) ушуну эске алып бир хадисинде: «Кимде-ким Аллага жана Акырет күнүнө ыйман келтирген болсо, жакшы сөз айтсын болбосо үнчукпасын», — деген. (Бухари, Муслим)

Бүгүн ушул хадистеги «жакшы сөз» деген сөздүн түшүдүрмөсү, жакшы сөзгө кандай сөздөр кирээри тууралуу жазып көрсөк дейбиз.
«Жакшы сөз» дегенибиз — эң кооз сөз эмес, жакшы сөз дегенибиз — уйкашы менен күчү, мууну жана ритми тең келүүчү (сылдыр) сөздөр эмес.
Жакшы сөз — адамдын бул дүнүйөсүнө да, Акыретине да пайда келтирүүчү сөз!

📍ЖАКШЫ СӨЗГӨ:

Алланы эске алуу үчүн айтылган СӨЗ:

Муңайган жанга үмүт үчүн, жаны жаралуу жандын көңүлүнө дем болуу үчүн айтылган СӨЗ:

Адамдардын арасын жараштыруу үчүн айтылган жылуу СӨЗ:

Бирөөнүн катасын түздөө үчүн боор ооруу менен айтылган СӨЗ:

Карыз сурап келген адамга акчалай жардам бере албасаңыз да, анын кайгысы менен бөлүшүп, көңүл көтөрүүчү СӨЗ:

Жакшылыкты көбөйтүп, жамандыкка тоскоол коюу үчүн айтылган насаат СӨЗ:

Өз билгениңди өзгөлөр менен бөлүшүү, башкаларга үйрөтүү үчүн айтылган оюңдагы сөз дагы кирет.

Мына, ушундай белгилүү максатта айтылып, өз ээсин таап жаткан жөөлүү сөздүн бардыгын «жакшы сөз» деп атайбыз.

«Жүрөк таза болгондо гана тилден кооз сөз чыгат» дейт. Сөз — адамдын адамкерчилиги менен паам парасатынын күзгүсү. Сөз -жандын азыгы. Тилибиз ушундай жакшы сөздөрдү айтуудан кургабасын деп тилейбиз. Аллах оозубузга тек гана жакшы сөз салсын болбосо үнчукпай калууну насип кылсын! Аман болойук!✋🏻😊

🧕Даярдаган: Махарам Муслима.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button