alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
МакалаларПайдалуу кеңештер

🤗ЖАКШЫ КЕЛИН ДЕГЕН КИМ?

🤗ЖАКШЫ КЕЛИН ДЕГЕН КИМ?

(Келин тарабынан аткарылууга тийиш болгон кээ бир амалдар)

Биз кече кайнене менен келин арасындагы карым-катыштын жогорулоосуна салымын кошор деген ниет менен кайнене тарабынан аткарылууга тийиш кээ бир амалдарга токтолгон элек. Бүгүн ошонун уландысы катары келиндер тарабынан да аткарылууга тийиш кээ бир чараларды айта кетсек.

1. Негизи күйөөнүн жүрөгүн жылуулагысы келген аял энесинин да жүрөгүнө жол таба билүү керек. Себеби, үйгө келгенде орунсуз ызы чуу чыгарбай турган, жагдайын жасап, кабагына караган, ата-энеси менен таттуу мамиледе болгон аялга ар адам күн сайын ашык болот.

Ошондуктан, күйөөнү ыраазы кылууну көздөгөн аял алдын ниетин түзөп, энесине эч кандай боексуз , чыныгы, көркөм түрдө карым-катыш жасоо керек.

2. «Кайненени изилдөө» деген адиске көбүрөөк маани берип караш керек. Кайсы нерсени кайда койгонду унутпаган, кандай тамакты кандай жасаганды жакшы көрөт, кийимге табити кандай, эмнени жакшы көрөт, кандай даары ичет, канчада уктайт, кимдер менен карым-катыш жасагысы келет? Ушунун баарын жакшы билген келин кайненеге жакпаган аракеттерди жасоодон тыйылат. Тагыраагы бул — экөөнүн арасында келишпестиктер болуп кетүүнүн алдын алуу деген сөз.

3. «Береке — үлкөндөр менен болот» деген хадис бар. Энеси бар келин менен кайнене көрбөгөн келиндин айырмачылыгы өтө көп. Мурункулар, ал тургай , «кайнене көрбөгөн өзү кайнене болуп жарытпайт» деген. Ошондуктан кайнененизди баалаңыз, сыйлаңыз, урматтаңыз, андан үйрөнүп калууга, кайнене институтун жогорку баа менен бүтүрүп чыгууга тырышууңуз керек.

4. «Бири-бириңерге белек бергиле, анткени белек, арадагы махабатты арттырат» деген хадисте (Байхаки). Ошондуктан дүкөнгө барсаңыз, өзүңүзгө бир нерсе алсаңыз, кайнененизди эсиңизден чыгарбай жүрүңүз.

5. Келин үчүн кайненеден артык кеңешчи жок. Ал өз баласын баарынан да жакшы билет, тууган адамдардын ал-абалынан да кабардар. Бала багуу маселесинде да эне-эн жакшы устат. Балаңызга зарыл «койчу» болот. Ошондуктан аны менен бардык иште акылдашып отурууну адатка айландырыңыз. Ал тургай, тамак кыларда, кийим, белек сатып алуу сыяктуу иштерде пикирин сурап турсаңыз утасыз. Элибиз бул тууралуу»көп билгенден эмес, көп көргөндөн сура» деген…

🧕Даярдаган: Алина Муслима.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button