alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Макалалар

🤗Акыркы жылмаюу. .

✍🏻Убакытты тартипке келтиришибиз керек.
Бактысыз адам ким билесизби?
Кочодогу проблемасын уйуно алып кирет.
Уйундогу проблемасын кочого алып чыгат.
Мечитке кирсе, дуйнону эстеп журогу сыгылат.
Тааныш учурбу ?😏

Адам баласы агып бараткан сууга тушсо,
денеси суу болбостон башка аргасы жок ..
Адам чан кочого басып кирсе,
чан болбостон башка аргасы жок.
Денеси чан болот,
чан бул адамга созсуз келип жабышат ..
Туурабы туура эмеспи?

Ошол сыяктуу эле инсан баласы
бул дуйного жаралдыбы ал
сыналбай коюудан башка аргасы жок.
Созсуз турдо сыноолорго кабылат!
Бул дуйно сыноо майданы.
Ар бир иштин созсуз бир жакшы тарабы болот.
Анткени, эн илимдуу Зат Кудай Таалабыз,
хикмат ээси, даанышмандуулук менен
пенделерине сабак берет.
Биз ойлойбуз, сыноолор адамды кыйнайт,
мен которо албайм муну деп кайгырабыз,
жек коробуз …
Бирок! Биз жактырбаган иштер бар,
бирок анын акыры бизге пайдалуу болгон болот.
Биз азыр жактырып жаткан ишибиздин акырында,
тоодой зыяндар болушу мумкун.
Ошондуктан ар бир учурда,
Аллах Таала бизди козомолдоп турганын эске алалы!

Бул дуйнодо эн чон чындык,
бул анын жалгандыгы.
Ал эми олум акыйкат, бул чындык!
Мына ошол акыркы мунотторубуз буткучо сыналабыз.
Ал эмес, жан берип жаткан учурда
адамга сыноолор келет.

Ыйман менен кетебизби же ыйманы жок кетебизби
эн чон сыноо мына ушунда турат ..

Билесизби?

Бул дуйнодон откон адамды
акыркы сапарга узатып жатканда,
баардык адамдар бир нерсени ойлонуп калышат.
Жалпы эл, кабыр жашоосун,
туболук жашоосун эстеп терээн ойго болонушот.
Анткени, коз менен коргон сабак
журоко жетет эмеспи.
Журокторду жумшартып,
акырет кайгысын эске салат.
Азыр адамдар ар бири ар башка нерсени ойлонушат.
Бирок, кабырдын жанына барганда баардык адамдардын ою бир болот.
Бул дуйнонун жыргалчылыгын унутушуп,
убактылуу дуйнодо
жашап жатканын тушунуп жетишет.

Азыркы кундо,
Америкага барып кайра кайтып келсе болот.
Дубайга барып кайра кайтып келсе болот..
Москвага барып кайра келсе болот.
Бирок, барган адам кайра кайтып келбеген
бир мамлекет, озунчо бир аалам бар, ал акырет!
Ага баарыбыз созсуз турдо барабыз.
Ал жака баруу учун
атайын билет сатып ала албайсын.
Кызыгы эчаак эле билеттер сатылып алынган. .
Качан сапарга чыгуубуз, кайсыл жылда,
кайсыл кундо, саат, минутасы керек болсо
кайсыл секунтта жетип барышыбыз жазылган.
Ал акырет жашоосу, туболуктуу акырет сапары!

Акыретке кеткен адам эч качан кайтып келбейт,
туболук кала берет.
Тушунуктуу болуп жатабы ?..

Биз бул дуйного
мына ошол туболуко калуучу акыретибизде
бактылуу жашоону куруу учун келгенбиз.

Бул дуйнодо биз жыргалчылыкты кордук.
Ошондуктан акыретке кочкубуз келбейт.
Туболук ушул дуйнодо калууну каалайбыз.
Аллах Таала бизге кайрылып мындай деп айтат:
«Силер бул дуйнону жакшы деп ойлойсунар.
Бирок, акырет туболуктуу жана силер учун жакшыраак жай !»

Мына ошондуктан агалар, достор,
биз баарыбыз аялдамада турган жолоочубуз.
Кимибиздин маршрутубуз келсе чыгып кете беребиз.
Биз туболук жашоо учун жаралганбыз!
Бирок, жер бетинде эмес!
Олум жашоонун бутушу эмес,
олум чыныгы жашоонун башталышы ..

Ушул убактылуу омурдо
жылмайып жашаганды уйронолучу.
Аллах ыраазычылыгы учун келиниз бир тууганым,
шугур айтып жылмайынызчы.
Билесизби? Эмне учун Терек баалуу?
Теректи баалуу кылган бир эле себеп бар,
бул анын туздугу.
Ийри дарактын баасы томон болот.
Ошол сыяктуу сен да туз бол,
адилдик сапатынды жоготпо.
Созсуз, дуйно жана акыретте баалуу болосун,
сен муну унутпа бир тууганым..

Эн жакшы жылмаюу,
жан берип жаткан учурдагы жылмаюу экен.
Аллах Таалам эн акыркы мунотторубуздо
жылмайып жан берууну насип кылган болсун.

АССАЛААМУ АЛАЙКУМ ВА
РОХМАТУЛЛООХИ ВА БАРОКААТУХУ. .

👤Али Маматов

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button