alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
МакалаларПайдалуу кеңештер

🛐НАМАЗ БАШТАГЫСЫ КЕЛИП ЖҮРГӨН АДАМГА 5 КЕҢЕШ!

🛐НАМАЗ БАШТАГЫСЫ КЕЛИП ЖҮРГӨН АДАМГА 5 КЕҢЕШ!

✍🏻 Көп адамдар «Мен чындыгында эле намаз окугум келет, бирок кантип баштаарымды билбей жүрөм», «намаз окуюн десем, бир түрдүү жүрөксүнөмүн, мага жардам бересизби?» деп жатат.Туура, мындай сооптуу ишке чоң даярдык менен, өтө катуу жоопкерчиликтүүлүк менен караган дурус болоор.Бул чындыгында эле намаз окуу кыйын деген сөз эмес. Себеби, намаз окуу сиз ойлогондон дагы оңой жана жеңил.
Биз бүгүн намазды кантип, эмнеден баштаарын билбей жүргөн окурмандарыбызга мына мындай жөнөкөй кеңештерибизби сунуштайбыз!

1⃣БИРИНЧИ:Намаз баштоого ниет кылып жүрсөңүз, алгач даарат алуунун эрежесин үйрөнүп алыңыз. Себеби дааратсыз намаз болбойт. Даарат намаздын — ачкычы. Даарат алуунун үлгүсүн YouTube аркылуу анык көрүп, билип аласаңыз болбосо кез келген намаз окуй турган адамга «көрсөтүп берчи» деп өтүнүңүз, сизге түшүндүрүп берет. Бул — өтө оңой кадимки бети колду жуу сыяктуу кулчулук, 3-4 ирет алгандан кийин өзүңүз эле үйрөнүп кетериңизге ишенбиз!

2⃣ЭКИНЧИ: Намазды эмне үчүн окуюн деп жүрөсүз, алгач ошого жооп берип алыңыз. Намаз — Алланын ыраазычылыгына жетүү үчүн, Аллах буюрган иш болгондуктан аткарылчу амал. Акыретте биринчи сура турган амал, мусулман экениңизге далил көрсөтө турган докмент экенин эсиңиз түйүп алыңыз.А эгер аны бирөө айткан үчүн же болбосо бирөөгө жагуу үчүн жасайын деп жүрсөңүз, анда максатыңызга жетишиңиз мүмкүн, андайда, сооп табуу деген эң негизги сыйлыктан кур калышыңыз анык. Ошондуктан, алгач ниетиңизди түздөп алыңыз.

3⃣ҮЧҮНЧҮ: Жардамчы ирээтинде «Намаз окуп үйрөнүүчү» китепти алып алганыңыз жакшы. Бул — мечиттин жанындагы дүкөндөрдө 70 -250 сом чейин чамасында турган кичинекей китепче, баштыгыңызга салып жүрүүгө да ыңгайлуу. Ушул убакыттан пайдаланып бир нерсени айта кетейин, «мен алдынан баарын жаттап алайын» деп ойлобоңуз. Себеби баарибир намаз баштаган кезде көңүлдүн толкуну менен жаттаган нерселериңизди да унутуп каласыз. Андан көрө башында китептен дептерге же плакатка жазып алып болсо да намазды баштай бериңиз. Акырындап аз-аздан жатталып калат.

4⃣ТӨРТҮНЧҮ:Намаз окууда дагы бир оңой кеңеш , жамаатта береке бар дегендей мечитке барып же болбосо намазды билген дос — туугандарыңыз менен жамаат болуп окууда бат үйрөнөсүз. Алгач жыгылып туруп, олтуруп аларды туурап, ачык окуу да өтө жакшы натыйжасын берет.

5⃣БЕШИНЧИ: эң маанилүүсү — башында башкалардыкына окшото албай кыймылдарынан ката кетирүүңүз мүмкүн. Эч нерсе эмес үйрөнүп кеткенче илең-салаң кыйынчылыктар болуп турат. Азыр баарыбызда телефон бар, көпчүлүгүбүз Youtube көрөбүз. Жаңы намаз үйрөнүүнү каалагандар үчүн атайын видеороликтер бар ошолорду көрө берсеңиз ин ша Аллах үйрөнүп кетесиз…

🤗Биз сиздерге жакшылык тилейбиз! Аллах ниетиңизди, тилегиңизди, жакшылыкка карап умтулган амалдарыңызды кабыл кылып, жолуңузду ачсын! Жеңилдик берсин!
Амиин!

Даярдаган: 🧕Махарам Муслима.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button