alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Ден-соолукМакалалар

🚫АЛЛАХ ХАРАМ КЫЛЫП ЖЕШКЕ ЖАНА ИЧИШКЕ ТЫЮУ САЛГАН НЕРСЕЛЕРДИ ШЫПААЛУУ ДАРЫ КАТАРЫ ПАЙДАЛАНУУГА ПАЙГАМБАРДЫН (С.А.В) ТЫЮУ САЛЫШЫ

🚫АЛЛАХ ХАРАМ КЫЛЫП ЖЕШКЕ ЖАНА ИЧИШКЕ ТЫЮУ САЛГАН НЕРСЕЛЕРДИ ШЫПААЛУУ ДАРЫ КАТАРЫ ПАЙДАЛАНУУГА ПАЙГАМБАРДЫН (С.А.В) ТЫЮУ САЛЫШЫ

✍🏻Абу-д-Дарда (р.а) Аллахтын элчиси (с.а.в) мындай дегенин кабарлайт:
«Баардык ооруларды жана алардын дарыларын да түшүргөн Аллах Таала, ошондой эле Аллах баардык оорулардын шыпааларын да (ошол оорулар менен кошо эле) жаратып койгон. Ошондуктан ар бир оорунун шыпаасын издегиле, бирок (жешке, ичишке, колдонууга) харам кылынып, шариатта тыюу салынган нерселерди дарылануу максатында колдонбогула!».

Ошондой эле, Ибн Масуд (р.а) Аллахтын элчиси (с.а.в) мындай дегенин кабарлайт:
Чындыгында, Аллах Таала силер үчүн харам кылган нерселердин ичине шыпаа салган эмес!

Абу Хурайра (р.а) Аллахтын Элчиси (с.а.в) мындай дегенин кабарлайт:
«Айыгуу максатында дары катары ыплас нерселерди пайдаланууга Аллахтын Элчиси (с.а.в) тыюу салган.»..

Муслимдин кабарлоосу боюнча Тарик Ибн Сувайда ал-Жуфи р.а бир жолу Аллахтын Элчисинен с.а.в мас кылуучу ичимдиктерди жана аларды даярдоочулар тууралуу сурап, анан:
«Мен ал мас кылуучу ичимдиктерди дарылык максатында гана жасаймын,»- деп айткан кезде Аллахтын Элчиси (с.а.в) ага мындай деген:
«Мас кылуучу ичимдик- дары эмес, ал -оору!»
Эгерде ошол ыплас жана харам нерселерди дарылык максатта колдонууга (Ислам шариаты тарабынан) уруксат берилгенде, анда мезгилдин өтүшү менен адамдар аларды өз нарсилерин жана кумарланууларын канааттандыруу үчүн да кеңири пайдалана башташмак (да, коом ыпластыкка белчесинен батып кетип, Аад жана башка коомдор сыяктуу бат эле кыйроого учурап калмак). Ал тургай эгерде ал харам нерселер организмдеги айрым зыяндуу заттарды жок кылууга жарашаны менен, ал харам дары же тамак ошол эле денеге алып келүүчү зыяндар менен залакалар ал алып келген пайдадан алдаганча чоң, алдаганча олуттуу жана коркунучтуу. Буга эң айкын мисал катары мас кылуучу ичимдиктерди(мисалы . алкогольдук ичимдиктердин баарын) жана спиртти келтирүүгө болот.

📕»Пайгамбарыбыздын медицинасы » китебинен.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button