alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Турмуш таалимдери

😞Ак халатчандарга таарындым

✍🏻 Бугун апам мейманчылыктан келип эле дароо алсырай тушту. Түн ичи бою ооруп,омтолоп,кыйналып чыкты… Эртеси тезинен АДО (тез жардам бөлүмүнө )го алып бардык. Ал жерге кирги чейин эле бир топ түйшүк тартат экенсиң. Эшиктен ары ичине киргизбестен,эшикти жапкылап пол жууп тамак кылган эжелер кароолчуга айланыптыр. Көпкө чейин жалдырап турдук, апамдын кыйналып турганын көрүшүп , макул дегенсип жинденип эшикти ачты. Эмне себептен анчалык корукташты Болдукан. Бат-баттан тазалап турган полду дагы чаң болуп,кайталап сүртүүрдөн зээриктиби…. Биз сүйүнүп кирсек,врачтар жок экен,саатыбызды карасак 12ден өтүп калыптыр «обед»ке чыгышты деп кайрадан жанакы «кароолчу»эже сүйлөп калды. Сыртка чыгып куттук ,ордубузду алдырып койбойлу деп жылбай турдук.Врачтарда 1 сааттан өтүп шашпай ,сүйлөшүп бири-бирине сөз атып тийишип ,күлүп келип кирип кетишти. Акырындап артынан кирдик:
— Мүмкүнбү ? Деп
Кабинетине баш багаарда бизге тигилип да караган жок телефону колунда ,жанындагы жардамчы медайымга тийишип сүйлөп жатыптыр.
-«Бизди карап койчу,балам ашказаныман тартып,ичиме чейин ооруп жатат» деп апам арыз-муңун айтып жатса,»тигил»жаш врач жинденип , кодундагыларын тарсылдатып коюп,ордунан туруп, » каерден келдиңиз ? , Эмне болду эле?»деп суроо узатты. Апам жалоорунку көздөрү менен жашаган жерибиздин дарегин айтып,эми тынчын алган оорунун себебин түшүндүрө баштаганда оозунан сөзүн тарта «сиздер биздин учетто эмес экенсиздер «дей салды.
-«Билем,балам, бизге бул жак эле оң , ал жака жете албайм ооруганына чыдабай келдик» десе , «биз бир гана «экстренный» болсо карайбыз мен сизге эч кандай жардам бере албайм «деп кабинетинен айдап салды.Чыгып медайым эжеге бир система сайып берүүсүн сурандык «биз врачтан уруксат алмайынча сайбайбыз «деди.Ошентип өзүбүздүн «учетубуз» турган жерге бардык . Ал жакта да өтө копол менен мамиле жасаган врачтарга кирдик. Текшерип ичинизде инфекция калып кеткен деп даары жазып үйгө жөнөтүп койду. Дары-дармектерди алып,оорусу басыла элек апамы үйгө алып келип, өзүбүз карадык.5күн дегенде «жанагы»оорудан айыкты. Бул 5 күн ичинде апамын төшөктөн турбай,кусуп кыйналгандыгы кимге пайда да кимге зыян? Түнү бою оорутуп көз ирмебей чыккандыгычы? Биз тамак жеген табактан кашыгы тийбестен өзүнчө бир чыныга тамак ичип «режим» кармагандыгычы?….
Айтор урматтуу сиз врачтар ушунчалык адам жашоосу менен ойноп калдыныздарбы? Же сиздер үчүн башкаларга ушунчалык кайдыгерсизби? Эгер ушул денгээл болсо ,эмнеге бул кесиптин ээси болдуңуз ? Мындай мамиле жасаганыныздын түпкү мааниси эмнеде жатканын түшүнө албадым.
Пайгамбарыбыз (С.А.В.) айткандай «Жылмаюда садака» Жон гана жылмаюбуздан сооп таап жаткан болсок ,эмнеге оорулуулардын оорудан шыфаа табуусуна себепкер болууга ашыкпайсыз?
*»Алла Тааланын буйругуна каршы чыккандар өздөрүнө (Алладан)бир апаат келээрине,же болбосо жан чыдагыс азап келээринен сактанышсын»(«Нур»63)*
*»Ким Аллага, Анын элчисине моюн сунса ,албетте,ошол зор ийгиликке жетише»(«Азхаб»71)*
Жана Алла Таала айтты: *» Жана эскерткен!Анткени эскертүү ыймандууларга пайда берет»(51.Заарият,55)*
«…. Дарыгерлик өнөрдү үйрөткөн кишини ата-энем м-н бирдей көрөмүн.Оорулууларга зыян келтирүүчү эч нерсе бербейм, күчумдун барынча аларга пайдасы тийгенче аракеттем. Ант ичем кандай жерге барбайын, кандай үйгө кирбейин оорулуунун пайдасы үчүн кирем …» Эгер Гиппократтын антына маани бере турган болсок кээ бир «шалаакы»врачтардын айынан көп адамдын бактысыз болуусуна себепкер болгону аз келгенсип бүткүл ак халатчандарга сөз тийгизип жатат. Алар тууралуу адамдардын эс тутумунда ушунчалык жоопкерчилиги төмөн,кесибин сүйө албаган, таң атып тезирээк күн батса болду, деп кош көңүл караган «ак халатчандар»деген пикир калууда….
Бул күнүмдук жашоонун бир четтеги гана көрүнүшү ,дагы айта албаган,жеткире албаган сөздөр канча, муктаж болгон инсандар арбындан арбын….

👤Асан кызы Диана.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button