alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Макалалар

📿БЕЙИШКЕ БАК ТИККИҢ КЕЛЕБИ?!

📿БЕЙИШКЕ БАК ТИККИҢ КЕЛЕБИ?!


✍🏻Абу Дарда (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабаларына кайрылып:

— Силердин даражаңарды көтөрүүчү, алтын менен күмүштү садака кылгандан жакшыраак, душман менен беттешип, алар силерди, силер аларды өлтүргөндөн да артыгыраак амалды айтайынбы? — деди.

— Ооба, айтып бер, – дешти сахабалар. Ошондо Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

— Ал амал — АллахТааланы зикир кылуу, – деп жооп берди. (Тирмизий).

💫Жаабир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

— Кимде-ким, субхааналлоохи ва бихамдихи деп айтса, ал үчүн Бейишке бир бак тигилет — деп айткан. (Тирмизий).

☝🏻ЗИКИРДИН ПАЙДАЛАРЫ

📍 1.Шайтанды качырат.

📍 2.Аллахты ыраазы кылат.

📍 3.Кайгы-капаны, журоктон кетирет.

📍4.Жүрөктү да денени да күчтүү кылат.

📍5.Адамдын жүрөгү жана жүзү нурданат.

📍6.Ырыскысы көбөйөт.

📍7.Аллах дайыма мени көзөмөлдөп турат деген нерсе жүрөккө кирет.

📍 8.Жүрөктүн тирилүүсүнө алып келет.

📍9.Жүрөгүбүз да, рухубузда күчтүү болот.

📍 10.Күнөөлөрүбүз төгүлөт.

📍11.Жүрөгүбүз тазарат.

📍12.Зикир кылынган жерде периштелер курчап Аллахтын бейпилдиги жаап турат, шайтандар качат.

📍13.Бул дүйнөдө да, кабырда да, акыретте да, кыл көпүрөдө да Нур болот.

📍14.Мунафыктан алыс кылат.

📍15.Ибаадатка жардам болот.

📍16.Нафил иштердин ордун толтурат.

📍17.Жүрөктүн оорусу-кайдыгерлик, даарысы-зикир.

📍 18.Ар бир адамдын жүрөгүндө кондой боштук болот.Ким Аллахты эстесе ошол боштук толот.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button