alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Ден-соолукПайдалуу кеңештер

📱Балага смартфон кандай таасир этет?👦🏻

✍🏻Азыркы кезде ар бир экинчи ата-эненин баланы алаксытуучу куралы — смартфон, тагыраагы, сенсордук экраны бар телефон. Наристенин жаш курагы канчада экенине карабай аны чукулап тынч отуруусу ата-энеге ошол мүнөттөрдө пайдалуу сезилет. Бирок бул алдамчы убакыт баланын келечегине чоң зыян алып келерин билесизби? Эмесе, смартфондун балага тийгизген терс таасирлерине кеңири токтолобуз.

❗1. Ата-энеси менен болгон мамилесине таасир этет. 2 жашка чейинки убакта наристенин мээси үч эсе тез өсөт. Ата-эненин баласы менен сүйлөшүүсү анын мээ клеткаларынын калыптанышына жардам берет. Мындай учурда бала убактысын ата-энеси менен эмес, смартфон менен өткөрсө, аң-сезими өспөй калат.

❗2. Баланын алгачкы “наркотиги” болуп калат. Смартфон аркылуу бала каалаганын (оюн, музыка, видео) ала алат. Бул техника анын кругозорун өстүрбөстөн, тескерисинче, көнүмүш адатка айланат. Натыйжада бала дайыма смартфонду эңсеп калат.

❗3. Талма пайда болот. Балдар жакшы көргөн нерсесин колунан тартып алса чыр салышат. Айрымдары калтырап-титиреп жатып калат.

❗4. Уйкусу бузулат. Жаш балдар эле эмес, чоңдор да уктарда смартфон колдонсо экрандан чыккан жарык уйку гормонунун иштешине терс таасир этет. Жыйынтыгында уйку цикли бузулат.

❗5. Окуу жөндөмдүүлүгүнө таасир этет. Окуу үчүн маанилүү болгон визуалдык көндүмдөрүнүн өсүшүнө, чыгармачылык жөндөмүнө, элестетүүсүнө зыян келтирет.

❗6. Агрессивдүү кылып коёт. Смартфонду ойноп жатып экраны иштебей, же көрүп жаткан видеосу токтоп калса баланын ачуусу келип, кайра-кайра баскылап, кээде чаап да жиберет. Мындай көрүнүш баланы агрессивдүүлүккө алып барат.

❗7. Социалдык коркунучтар жаралат. Социалдык көндүмдөргө үйрөнүү – баланын ийгиликтүү өсүшү үчүн маанилүү этап. Смартфонду көп колдонгон бала чоңойгондо башкалар менен пикир алышууда, үй-бүлөлүк маселелерде, карьералык өсүүдө өз алдынча чечим чыгара албай көп кыйынчылыктарга учурайт.

🤕Кандай ооруларды чакырат?

  1. Миопия (көрүүсү начарлайт)
  2. Моюн, жүлүн, омуртка оорулары.
  3. Баш оору.
  4. Тарамышы тартышуу.
  5. Ашыкча салмак
  6. Кант диабети
  7. Иммунитеттин төмөндөөсү
  8. Инсульт, инфаркт.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button