📍УСТАТ менен УСТА

0
2

👳🏻‍♀Уста:

—Бирөөнүн чала таштап кеткен ишин алып бүтүрүү өтө кыйын. Андан көрө башка үйдү башынан баштаганың жакшы.

👳🏻Устат:

— Ээ балам, мен сага андан да кыйын ишти айтайынбы?
Бирөөнүн чала тарбияланып ташталган баласын тарбиялоо — сен сүйлөнүп жаткан үйүңдөн 3 миллион эсе кыйыныраак.Бала эч качан сен каалагандай болбойт, бала сен тарбиялагандай болот!
Өз балаңдын тарбиясынын жоопкерчилигин өз мойнуңа ал, ошондо баары жакшы болот!

☝🏻Балдар — жазыла элек актай баракка окшош, ак кагазда сенин гана жазгандарың көрүнөт…

☝🏻 Балдар — бош турган эгин талаасына окшош. Эмнени эксең ошону оросуң…

☝🏻 Эч качан бош турган жерге картөшкө эгип, ордуна буудай жыйнабайсың…

☝🏻Сенин ордуңа бирөө уста, директор, инженер, механик, грузчик, таксист боло алат, бирок сенин ордуңа эч ким эч качан АТА-АПА болуп бере албайт!!!

🤲Ушуларды унутпа балам…

👤 Идрис акын.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here