alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
МакалаларПайдалуу кеңештер

📍Бекерчиликти айдап жумуш менен алек бол

📍Бекерчиликти айдап жумуш менен алек бол


✍🏻Бекерчилер тынчыңды алган, ушакчы инсандар болушат, анткени алардын кулактары ар тарапка таралган,
&𝗾𝘂𝗼𝘁;Ал (адамдар)калуучулар менен болууга ыраазы болушту.( Натыйжада) жүрөктөрүнө мөөр урулуп койулду. Эми алар (өздөрүнө эмне пайда, эмне зыян экенин) түшүнө алышпайт&𝗾𝘂𝗼𝘁;(9:87)
Акылдын эң коркунучтуу болуп турган убагы инсан жумушунан бошогондон соңку убак, ошондо ал ылдый бараткан айдоочусу жок машина сыяктуу, өз алдынча оңго солго кайрыла берет.
Турмушуңда бекер калган убак болсо анда кайгы капа коркунучтарды күтө берсең болот;анткени бекерчилик мурдакы, азыркы келечектеги көйгөйлөрдү алып келет да турмушунда баш аламандык пайда боло баштайт, алгач өзүмө анан сага кеңеш айтаарым бош убактыңа караганда пайда бере турган жумушту жаса;анткени бекерчилик жашыруун өлүм сыяктуу, бир таблетка даарыны ичип өзүн-өзү өлтүрүү сыяктуу.
Бекерчилик акырындык менен кыйнаган азап сыяктуу, бир инсанды түрмөгө камап анын башына бир чанач сууну куюп, ал суу ар бир мүнөттө бирден жанагы кишинин башына тамчылайт, натыйжада ар бир тамчынын тамчылаарын күтүп ошонун азабынан тиги адам жинди болуп калат, ошондуктан бекерчилик ушул сыяктуу азап.
Ырахат алып жата берүү караңгылык, бекерчилик профессионалдуу ууру, ошондуктан акылың ушундай нерселер менен күрөшө турган акыл болуусу керек. Анда эмне кылуубуз керек Ордуңдан тур да намаз оку, китеп кара, тасбих айт, изден, жаз, иш канаңды иретте, үйүңдү оңдо, башкага пайдаңды тийгиз, кыскасы бекерчиликти жок кылып пайдалуу ишти жаса, менин сага айтаар кеңешим ушул.
Бекерчиликти жумуш бычагы менен кесип сал, анткени дүйнөдөгү эң чоң илимдүү докторлор да бактылуулуктун 50% пайдалуу нерсе менен алек болуу деп табышкан. Мисалы дыйкандарга, наабайчыларга, усталарга карасаң алар бактылуулукта сайраган куштай болуп ырахатта, бактылуулукта жүрүшөт, ал эми сен көз жашыңды арчып төшөктө жатасың;анткени сени бекерчилик чагып алган.

📚»Капаланба» китебинен.

🧕🏻Асан кызы Дина

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button