15.1 C
Bishkek
12.07.2025
МакалаларТаасирдүү окуялар

📍 СЫРДУУ ЖИГИТ


✍🏻 Күндөрдүн бир күнүндө Сулайман пайгамбар (а.с) увазирлерине жана кызматчыларына кайрылып:

— Эч бир кайгысы жок, тынчымды эч ким эч нерсе менен албаган күн болушун каалап турам,- дейт.

Муну уккан увазирлери:

— Эртеңден баштап сиз каалагандай күн башталат, буюрса,- дешет.

Эртеси күнү бардык эшиктер чычкан жөргөлөгүс болуп жабылып, чымындын учканы билингендей тынчтык башталат. Сулайман пайгамбар (а.с) таягын алып, айылына жөнөтмөкчү болот. Ал жакта ызы-чуудан, түйшүктөн алыс болуп, жайбаракат эс алгысы келет. Мына ошол убакта апапак кийинген, аппак тулпар минген бир жигит бакчанын бурчунан чыга келип Сулайман пайгамбар (а.с)га:

— Ассаламу алейкум, Оо Алланын пайгамбары!- дейт. Сулайман пайгамбар(а.с):

— Алейкум ассалам, — деп алик алат да, — Ким деген жигитсиң? Бул жерге кантип кирдин?- деп суроо салат. Келген жигит мындай дейт:

— Оо Алланын пайгамбары! Мен падышалардан, султандардан коркпогон жанмын. Мага эшик тоскондор тоскоол боло алышпайт. Хандан-бектен кайра тартпайм. Мен кирген хан сарайлар, үйлөр дайыма ээсиз калат. Мен кирген жайларда жыргап жашагысы келгендер да дароо кара топуракка көмүлүп, жер астында чирийт.

Сулайман пайгамбар(а.с) бул келген сырдуу коноктун ким экенин дароо байкайт да:

— Оо Азреил! Жанымды алганы келдиңби, же болбосо зыярат кылайын дедиңби? — дейт. Азреил( а.с):

— Жаныңды алганы келдим, — дейт. Буга бир аз таңыркай түшкөн Сулайман пайгамбар (а.с):

— Оо өлүм периштеси, ушул күндү атайын кайгысыз, санаасыз өткөрөйүн деп ойлодум эле, — дейт.

Анда Азреил (а.с):

— Султан, сен бүгүн ойлогондой, бүгүн каалагандай күн бул дүйнөнүн күндөрүнүн арасында жок. Сен эч болбой турган күндү каалаган турбайсыңбы. Анда эмесе Улуу Алланын өкүмүнө ыраазы бол! — деп Сулайман пайгамбар(а.с)дын жанын сууруп алат. Сулайман пайгамбар (а.с) ошол убакта таягына жөлөнүп турган болчу. Жаны чыкканда денеси ошол таянган бойдон туруп калат.

📚 «Өчпөс сабактар» китебинен.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996700334493

📲+996 771 822 202

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Related posts

ЖҮГҮНҮҮ ЖЕ КЕЛИН САЛАМ БЕРҮҮСҮ (2)

БЕКЕРЧИЛИК

admin

ЧОҢ КҮНӨӨЛӨР

admin

Leave a Comment