alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:46
МакалаларТурмуш таалимдери

📌Кыз -жигит кесепети..

📌Кыз -жигит кесепети..


✍🏻Жарыктыкка жаңы көзүн ачкан бөбөктай чыркырап, энесин издеп жатты. Эне жытын искеп, таттуу сүттүн даамына тамшанып, үйрөнүп -үйрөнбөй шормолоп, ага биринчи көрүнгөн инсан эмнегедир жүзүндө кубаныч эмес, муңайыңкы көздөр менен карап, карегинен сызылган жаш «Аттиң! » деген жаштары куюлуп жатканына түшүнө бербей, эч нерседен кабары жок курсагы кампайып, мээлүү уйкуга кетти. Жаш эне төрөтканадан чыгып, эмне кылаарын билбей бир орундукка барып ойлоно баштады.
Ооба, бул тагдыры талкаланган, уктаса түшүнө кирбеген, мындай болушун эч качан күтпөгөн, адашуунун, жаштыктын курбанына айланган, бир алдамчынын тузагына кабылган- Айдин эле. Жакшы, тарбиялуу эле үй -бүлөөнүн кызы болчу. Шаарга окууга келип, баары жайында, окуулары өз ордунда, иштеген жери, өзүнүн муктаждыктарын өзү чечип, ата -энесине да аң жүк болбой, өзүнө тың кыздардан эле. «Жаштык, курак»- дегендей артынан чуркаган балдар да көп, алардын бирөөсү — Болот. Болот жогорку курста окуган, сыртынан оор басырыктуу, бир сөздүү, окуусу да жакшы. Айдинди өзүнө арбап: «Буйруса баары жакшы болот, үйлөнөбүз! «-деп келечекке койгон максаттарын айтып, акырында кыз -жигит болуп жүрүшөт. Айдин эч күмөнсүз чоң үмүттөр менен ага ишенимин байлады. Бирок, ал күтпөгөн иштер болду. Болот Айдинди боюнда бар экенин укканда баланы алдыруусун, окусун бүтүү керектигин, азыр үйлөнүүгө шарты, убагы эмес экенин айтып жок болду. Айдин баланы алдууруга кеч болуп калган эле. Эмне кылмак, кайда бармак, өлгүсү келди, ата -энесинин, жакындарынын алдында кандай баш көтөрүп жүрөт. Жаштыгынын кулпуруп, эми гүлдөп турган кезинде, заматта намысын, абийирин жоготуп, тепселген гүлгө айланды…
Айдиндин бир гана жолу бар. Ал да болсо баланы кеч болгондо балдар үйүнө алып барып таштоо. Башка айласы жок болчу. «Чоңойсо, балким, алып кетемин»- деп көзүн жумуп, балдар үйүнө жөнөдү. Эшик алдында эч ким жок болушун күтүп, акыры баланы таштап, артына карабай чуркады. Кандай болсо да эне эмеспи?! Эне жүрөгү сыздап, көз жашы токтобой, дүйнөнүн тардыгы жан дүйнөсүн талкалап, ыйлап келе жатты.
Эх, бөбөктай! Аны келечекте эмнелер күтүп жатат?! Ата -эне деген ким?! Үй -бүлөө, бир тууган деген ким?! Эч нерседен кабары жок. Али да уйкуда, мээрим, сагыныч, армандын курбандыгы болуп кала берди….

Кыз -жигит кесепетинен канчалардын тагдыры талкаланууда, канчалаган күнөөсү жок жаш наристелер төрөлбөй жок болууда, канчалары көрүнгөн жерге ташталууда, канчалары таштанды кутучасында, балдар үйүнө ташталууда! Эми түшүнүктүү болгондур. Эмнеге шарият кыз -жигитке тыюу салганын. Туура, кыз -жигит бирин -бири көрүп, таанып, баш кошуусу шарт, баары өз чеги менен көп узабай үйлөнүү керек. Болбосо ушундай өкүнүч иштер болуп калуусу мүмкүн.

Мындай талкаланган тагдырларга ким күнөөлүү?! Бул суроого жооп: Кызына жакшы тарбия бербеген атабы?! Өз эжесин же карындашын коргой албаган байкелерби?! Эркек болуп намысын, ыйманын жоготкон эргулдарбы?!

«Эркектер зына иштерине барардан мурда өз эже-карындаштарын ойлошот бекен?» …

«Зына иштерден ар бир эркекти Кудайым алыс кылсын. Анча-мынча жигиттерге таң калыштуу, «Бизде карындаш жок!»- деп эле кете беришет экен. Бул туура эмес нерсе, карындашы жок болсо, келечектеги кызына зыяны тийип калышы толук мүмкүн. Үч мүнөттүк жыргал үчүн бир кыздын тагдырын талкалоодон алыс бол. Башка кыздарды да өз эже-карындаштай сыйла!»

«Зынага барбаш керек, эгер бара турган болсоң, баары бир эжеңеби, карындашыңабы же бир тууганыңабы кайтып келет».

«Зына деген — бул карыз. Сен бүгүн зына кылсаң, ошол карызды эже-карындашың төлөп калышы мүмкүн».

«Зына кылба, зынаң эже-карындашыңдан кайтып калбасын» -деген сөздөр эркектерди зынадан тыюу максатында айтылчу сөз катары эсептейбиз. Себеби, сен бүгүн бирөөнүн эже-карындашын бузуп жатасың. Эртең сенин да эже-карындашыңды башка бир эркек бузуп коюусу мүмкүн экенин унутпа».

Ушул маанидеги окуялардын аягы дайыма эркек жаман иш кылган болсо, сөзсүз жубайы же эже-карындашы жаман ишке кабылган болуп калат. Эмнеге? Ооба, жамандын кесепети демекчи, жамандын кылыгы көпчүлүккө зыянын тийгизет. Балким, ошол кыз-келиндер зынага такыр жологусу келбегендир. Балким, алар түз жолдо жүрүшкөндүр. Эмне үчүн жакын адамы зына ишке барса, алар дагы зына ишке кабылыш керек?»..

👤Насиба Абдуллаева.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button