alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:44
Макалалар

💰Битир (фитр) садакасы

Битир садакасы негизги муктаждыктарынан жана карыздарынан тышкары эң аз акча каражатына барабар (80.18 грамм алтын же анын баасындагы акча) мүлккө ээ болгон ар бир мусулмандын өзү же ага жооптуу болгон адамдар тарабынан бериле турган ,ваажип өкүмүндөгү садака. Муну кыскача битир дейт. Рамазан айынын аягында берилет.

📌 Хадиси шарифте айтылган:

«Фитр садага байларыңарга тазкийа. Кедейлериңер да берсе Аллаху таала аларга андан көбүн берет.” [Абу Давуд]

* (Тазкийа тазартуу, тазалоо дегенди билдирет.)

«Рамазан орозосу көк менен жердин арасында турат. Фитр садага берилгенде көтөрүлөт.” [Абу Хафс]

Башка бир хадисте мындай деп келет:

«Фитр садага орозолуу адамдын орунсуз сөздөрүнөн пайда болгон күнөөлөрдү тазалайт.” [Байхаки]

Калган үч мазхабда бир күндүк жей турган тамагы бар адамдын фитра берүүсү фарз.

Хадиси шарифте:

«Фитр садаганы чоң-кичине, бай-кедей баарынын берүүсү керек”, — деп буюрулган. (Абу Давуд)

Битир садакасын берүү мусулмандарга хижранын экинчи жылында киргизилген. Бул жардам катарында болгону менен,орозонун кабылданышына, өлүм алдындагы кыйынчылыктардан жана кабырдагы азаптан кутулууга себеп болот.

Битир Рамазан майрамынын (айыттын) биринчи күнү таң эртең менен берүү ваажип болсо да,аны андан бир нече күн мурун берсе да болоберет. Майрамдан кийин берүүлүсү туура эмес. Муну менен кедей -кембагалдардын муктаждыктарына пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн болот. Хадистерде битир курма,жүзүм буудай,жана арпа менен берилгени айтылган. Мындай азык заттар аркылуу дагы же алардын баасына барабар акчалай түрдө берсе дагы болот. Кедейлерге кандай берүү пайдалуу болсо,ошондой түрдө берүү жакшы.

✨Аллах Таала Куранда мындай деген:

«Акыйкатта садакалар Аллах жүктөгөн парз: колу жука кедейлерге,колунда жок жакырларга ,аны жыйноочуларга,көңүлдөрүн алуу керек болгондорго,(мусулман) кулду бошотууга,карыздууларга, Аллахтын жолундагы жана (мусулман)мусаапырларга берилет. Аллах -ар нерсени Билүүчү ,Даанышман! »(Тооба; 60 аят)

☝ Эне-атага, чоң атага, чоң энеге, балага, небереге, аялына жана мусулман эмес адамга фитра берилбейт. Кедей болуу шарты менен келинге, бир тууганга, атасынын кыз жана эркек бир тууганы, апасынын кыз жана эркек бир тууганы сыяктуу туугандарга, күйөө балага, кайненеге, кайнатага, кайын ини-карындашка, өгөй балага берүүгө болот. Эгер салих болушса жакын тууганга берүү артык сооптуу. (Макуфат)

💰Рамазан айындагы садак-фитирдин өлчөмү

Садака-фитирди берүү (белгиленген өлчөмдө) ар бир колунда бар адамга важиб. Анткени Пайгамбарыбыз (САВ)

“Садака-фитирди чоң-кичинесине, аял-эркегине карабастан ар бир жанга берүү керек” – деп бекиткенин азирети Умар айткан.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы садака-фитирди берүүнүн төмөнкү тартибин бекитет:

1.Садака-фитир жан башына 1кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) же анын акчалай наркы берилет. Ар бир казыяттардын берген маалыматтарына таянып ар жан башына садака-фитирдин 2019-жылдагы баасы төмөнкүдөй бекитти.

Буудай Мейиз Ун Арпа Курма
Орточо баа 21,87 сом 240 сом 25 сом 15 сом 150сом
Өлчөм 1,600 1, 600 1, 600 3, 200 3, 200
Жалпы(Садака-фитирдин баасы) 35сом 384 сом 40 сом 48 сом 480сом

Рамазан айында берилүүчү битир быйыл 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар болду. Базар баасы менен алганда битир ар бир адамга 35 сомдон эсептелди. Ошондой эле битир-садага буудайдан башка ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг. 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг. 200 грамм) менен да өлчөнөт. Алсак, мейиз – 384 сом, ун – 40, арпа – 48 сом, курма-480 сом деп эсептелди.

Эскертүү: Садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.

Бааларды туруксуздугуна  байланыштуу, садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз.

Бул да кызыктуу

1 пикир

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button