alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
АалымдарМакалаларПайдалуу кеңештер

👳🏻Мевлананын асыл сөздөрү:

👳🏻Мевлананын асыл сөздөрү:

👳🏻Мевлананын асыл сөздөрү:

💐Гүлдү күлгөнгө бер,
Жүрөктү сүйгөнгө бер.
Сүйгөн сонун нерсе,
Кадырды билгенге бер.

💐Сүйүү жана мээримдүүлүк инсандын, жинденүү жана шахват айбандардын сыпааты…

💐Көз экөө, кулак экөө, ооз бирөө. Көп көрүп, көп угуп, аз сүйлөө керек.

💐Чөнтөгү калың, бирок жан дүйнөсү жука адамдын абалын кара: Анткени ал бардык нерсенин баасын билет, бирок улуугун билбейт.

💐Өлүм- чындыгында тирүүлүк. Көрүнүшүндө жоктук, акыйкатта түбөлүктүүлүк.

💐Акылдуу адам иши менен, акылсыз адам киши менен алек.

💐Алтын болсом баркымды баары билет. Мен жөнөкөй гана темир болоюн, баркымды түшүнгөн билсин.

💐Адептүү адептүүлүгүнөн унчукпайт. Адепсиз мен сүйлөткөн жокмун деп ойлойт.

💐Кол сындыр, бут сындыр. Керек болсо моюн сындыр, бирок эч качан бирөөнүн көңүлүн сындырба.

💐Тоодой күнөөлөрдү бир тобоо өкүнүч менен өчүргөн Кудайыбыз бар.

💐Кандай болсоң, ошондой көрүн. Кандай көрүнсөң ошондой бол.
Адебиң жүзүңдөн окулуп турсун.

💐Кебездей жумшак сүйлө, бирок туурадан башканы сүйлөбө.

💐Кечээ мен акылдуу элем, дүйнөнү өзгөртүүнү кааладым.
Бүгүн билимдүү болуп өзүмдү өзгөрттүм.

💐Ким менен сапарлаш, ким менен курдаштык кылганыңда этият бол: себеби булбул гүлгө, карга күлгө алып барат.

💐Болбойт деген нерсеңдин баары болот. Жыгылбайм дейсиң, жыгыласың. Таңгалбайм дейсиң таңгаласың. Эң кызыгы ушунда, өлдүм дегениң менен кайрадан жашайсың…

💐 Таарынуу же урушуу үчүн шылтоо издебей, сүйүлүү жана сүйүш үчүн чара издегиле.

💐 Сени сүйгөндү уу болсо да жут. Сени сүйбөгөндү бал болсо да унут.

💐Алтын менен кооздолгон кийим кийгенди, кемер тагынганды үйрөнгөн эй пенде. Акыры сага эч бир тигиши болбогон кийимди кийгизишет.

💐 Бир адамдын күлгөнүнөн анын тарбиясын, ал эми эмне үчүн күлгөнүнөн болсо акылынын курчтугун жана даражасын түшүнсөң болот.

💐 Бирөө абдан сонун сүйлөп жаткан болсо, демек угуучунун терең түшүнүгүнөн жана кунт коюп угуусунан.

💐 Канчалаган адамды көрдүм, үстүндө кийими жок. Канчалаган басып жүргөн кийимдерди көрдүм, ичинде адам жок.

💐 Мен адамдарды жүрөгүм менен да, акылым менен дагы сүйбөймүн. Себеби жүрөк токтойт, акыл унутат. Мен адамдарды рухум менен сүйөмүн. Себеби рух токтобойт жана унутпайт.

💐 Убактылуу күндөрдүн адамы болгонго аракет кылба. Акыйкаттын адамы болгонго аракет кыл. Себеби күндөр алмашат, акыйкат алмашпайт.

💐 Сен калтырган көңүл Аллах сүйгөн көңүл болсо кантер элең. Билбейсиң да, билсең көңүл калтырбас белең.

💐 Кыйналдык дебегиле. Биз башка көктөмдөр үчүн жалбырак төккөн дарактайбыз.

💐 Көзүңдү жумгун анан ашык бол да Анын жанында кал!

💐Кереги жок бир сөздү,
Дастан кылып бүтүргөнгө.
Бир карашың миң сөз айтат,
Көз караштан түшүнгөнгө.

💐 Шам болуш оңой эмес. Жарык чачыш үчүн алгач өзүң эрип күйүшүң керек.

💐 Адам өзүнүн ким экенин билгиси келсе, кимдерге ашык болгондугун карап көрсүн.

💐 Ашыктык бул- жиндилик. А биз болсо жиндинин жиндисибиз.

👤Которгон Жеңишбек Жумакадыр

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button