alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
МакалаларПайдалуу кеңештер

👳🏻‍♀ДААНЫШМАНДЫК КАЗЫНАСЫНАН

👳🏻‍♀ДААНЫШМАНДЫК КАЗЫНАСЫНАН

Сулуулук назарды, мээр-акыбет калбтарды өзүнө тартат.

Ар кимдин өз көз карашы бар. Сен аны башкаларда сендей ойлоосуна урунуп ташбишке түшпө. Маселен, энеңди сенден башка киши жөнөкөй инсан катары кабыл алат. Сен болсо аны бейишим деп билесиң.

Рабиь ибн Хайсамдан шакирттери :
“Сиздин эч бир кишини айыптаганыңызды көрбөйбүз. Эмнеге мындай ?”-деп сурашты. Ошондо ал: “Мен башкаларды мындай кой, өзүмдөн ыраазы эмесмин. Башкаларды айыптаганга убактым жок”-деп жооп берди.

Адамдарга жагуу үчүн сенин бутуңду кысып жаткан ботинкени кийүү акмактыктын чокусу.

Сөзүңдү оозундан чыгарардан мурда даамын татып көр.

Бардык адамдар ката кылат. Бирок, катасынан сабак алгандар өтө аз. Катасынан сабак алгандар гана чыныгы даанышмандар.

Аял киши күйөөсүнүн кембагалдыгына, оорусуна, убактысынын аздыгына сабр кылуусу мүмкүн. Бирок, күйөөсүнүн кулк-мүнөзү жамандыгына чыдай албайт

Ичинен ыйлап, тышында жылмаят. Аллага толук ишенген инсандар мына ошондой болот.

Мөмөнү үзгөнгө шашылба! Сабыр кыл! Жакшы нерсе эккен болсоң, кийинчерээк болсо да мөмөсүн берет.

Ар дайым көз жашыңды арчуунун ордуна, көз жашыңды кайра-кайра агызууга себеп болгон нерсени жашооңдон өчүрүп ташта.

Даярдаган: Нуркамил Абдуллаев.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button