alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:54 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
Макалалар
Эң мыкты

🌙ШАВВАЛЬ АЙЫНЫН ОРОЗОСУ…

✍Көз ачып жумганча куттуу Рамазан айыбызда биз каалабасак да коштошуп кетти. Рамазан айын кетип жатып артына кайрылат экен,мени эстеген ,мени унутпагандар да бар бекен деп. Жаратканым дагы бир мүмкүнчүлүгүн берип, кандайдыр себептерден каза кылгандарга Шавваль айынын пазилитин жогору кылып койду. Болгону 6 -күн кармап койсок тоодой соопторго жетерибиз экен. Анда Шавваль айынын кандай соопторго ээ экенин төмөндө көңүл коюп окуп чыгыңыз…

🌙Шавваль айынын пазилеттери

✨Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«Кимде-ким Рамазан айында орозо кармаса, андан кийин ага кошумча Шавваль айынын 6 күн орозосун кармаса, бир жыл орозо кармаган менен барабар болот». [Муслим, Сыям :204; Тирмизи, Сыям: 53].

🌹Хадисте айтылгандай, Рамазан айынан кийинки Шавваль айында 6 күн орозо кармоо жакшы.
Ошондой эле Рамазан айынан кийин 6 күн кошумча орозо кармаса толук бир жыл орозо кармаганга барабар болот.

Уламалардын айтуусу боюнча, бир жылдык орозого барабар болушунун себеби :
Ыйык Курани Каримде айтылгандай:
«Ким бир жакшы амал кылса ага он эсе кылып (кайтарылат)» [Аньам: 160]

✨Рамазан айынын 30 күнүн онго көбөйткөндө 300 болот жана Шавваль айынын 6 күнүн онго көбөйткөндө 60 болот, жалпысынан 365 болот (калган 5 күн: Орозо айт жана Курман айт майрамдарынын 4 күнүндө орозо кармалбай турган күндөр болуп эсептелет ). Ошондуктан кимде-ким Шавваль айында 6 күн орозо кармаса, буюрса бир жыл орозо кармагандын сообуна ээ болот.

🌹Шавваль айынын биринчи күнү Орозо айт күнүнө туш келет, бул күнү орозо кармоого тыюу салынат.

Бирок Шавваль айынын 2-күнү орозону кармап баштаса болот. 6 күн катары менен же каалаган күндөрү кармаса болот.

❓Шавваль айынын орозосу Рамазан айынын каза орозосун толуктайбы?

✨Хадисте келтирилгендей, Шавваль айынын орозосу өзүнчө орозо болуп саналат. Жана математикалык эсептөөлөр менен Рамазан жана Шавваль айынын күндөрүнө карапганда, экөө эки башка орозо экендигин байкасак болот.

☝🏻Эгерде мүмкүнчүлүк болсо, каза орозодон сырткары Шавваль айынын 6 күндүк орозосун кармоо жакшы. Мисалы, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү Шавваль айынын орозосун кармап, башка күндөрү каза орозолорду кармаса болот.

Бирок, ар бир адам өзүнүн ниетине, ыкластуулугуна жараша Аллах Тааладан кылган амалдарынын сообун алат.

Кармоо жолдору ..

🕰 Убактысы:

Багымдат намазынын убактысы киргенге чейин ооз бекитилип, шам намазынын убактысы киргенде ачылат.
(Намаз убактылары календарынан багымдат менен шамдын так убактысын карап алсаңар болот)

Ниет:
Ооз бекитээрде айтылуучу дуа:

✨Науаайту ан асуума саума шахро Шаууаля миналь фажри илаль магриби халисан лиЛлахи Таьааля.

Мааниси :

Алла Тааланын ыразычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Шавваль айынын орозосун кармоого ниет кылдым.

Ооз ачаарда айтылуучу дуа:
Аллахумма лака сумту , уа бика ааманту , уа ьалайка аууакальту , уа ьалаа рызкика афтарту, фагфирлии маа каддамту уа маа аххарту.

Мааниси:
Алла таалам, Өзүңө чындап ишендим, Өзүңө таяндым, Өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын. Баштан аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир.

☝Ошондуктан биз ишенебиз, бул айда убакыт таппай калып, каза орозолорду кармоо менен алек болгон инсандар хадисте келтирилгендей сыйлыктарга ээ болушат. Анткени каза болгон намаз, орозолордон эртерээк кутулган жакшы. Качан бул дүйнө менен кош айтышаарыбызды билбейбиз. Жакшы амалдарды кылууга умтулуу менен жашашыбыз керек.

Аллахым баарыбыздын орозолорубузду кабыл кылып, чексиз соопторду жазган болсун!

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button