alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
МакалаларПайдалуу кеңештер

☝🏻Оку эй, Мусулман бир тууганым жана шүгүр кыл! 

☝🏻Оку эй, Мусулман бир тууганым жана шүгүр кыл! 

☝🏻Оку эй, Мусулман бир тууганым жана шүгүр кыл! 

✍🏻Маанайың эмнеге жок?
Хазирети Адам (а.с.) сыяктуу 200 жыл Тообо кылдыңбы?
Маанайың эмнеге жок?
Хазирети Ибрахим (а.с.) сыяктуу отко ташталдыңбы? 
Маанайың эмнеге жок?
Пайгамбарыбыз (с.а.в) сыяктуу Таифте таш бараңга алындыңбы,
намаз окуп жатканыңда,
башыңа жаман суу (мусор) төгүлдүбү, жүзүңө түкүрдүбү, сүйүктүүлөрүңдөн ажырадыңбы? 
Маанайың эмнеге жок?
Хазирети Хамза (а.с) сыяктуу мурдуң кулагың кесилдиби?
Маанайың эмнеге жок?
Мусаб бин Умайр (р.а) сыяктуу колдоруң кесилдиби?
Маанайың эмнеге жок?
Билал Хабаши (р.а) сыяктуу ысык кумга жаткырылып, үстүңө оор таш койулдубу?
Маанайың эмнеге жок?
Юнус пайгамбар сыяктуу деңизге ташталдыңбы? 
Маанайың эмнеге жок?
Аюб пайгамбар сыяктуу денеңди жаралар каптадыбы?
Маанайың эмнеге жок?
Эмнени ойлоп жатасың, дүйнөлүк иштерби?
Маанайың түшө турган болсо, намазыңды каза кылганың үчүн, тахажудка тура албаганың үчүн, бирөөнүн жүрөгүн оорутканың үчүн, 1 — 4 күнү орозо кармай албаганың үчүн маанайыңды түшүр…
Маанайыңды түшүрө турган болсоң, 
Аллах ыраазычылыгы үчүн эч нерсе кылбаганың үчүн, Аллах жана анын Расулу (с.а.в) ыраазы кылбаганың үчүн үзүл…
Маанайыңды түшүрө турган болсоң, бир кедейге жардам бербегениң үчүн маанайыңды түшүр….

🙌🏻Ооба , менин кайгыга баткан бир тууганым! Бул инсандар Пайгамбарлар, улуу Сахабалар эле аларга чоң сыноолор берилиген бирок ушуну унутпаңыз алардан кийин эле Аллах сыноолорун өзүнүн сүйүктүү инсандарына берет. Башыңа сен күтпөгөн, сен каалабаган, сен жактырбаган кыйынчылыктар келип жатабы? Эч жаның жай албай ооруп жатасыңбы? Үй -бүлөңдө чыр болуп, уруш -талаштан кутула албай жатасыңбы? Карызың тоодой болуп кирээрге жер, качаарга жай таппай жатасыңбы? Турмуштун ачуусу алсыратып бирине тапсаң бири түгөп түйшүктөн кутула албай жатасыңбы?

☝🏻Анда сөзүбүзгө көңүл бур! Ооба тууганым жер бетинде бир эле сен кыйналган жоксуң сендейлер толо, эгер билсең башка кыйынчылык түшсө,
жүрөктү кубандырат, күнөөнү өчүрөт, кекирейген менменсингенди сындырат, уйкудагы жүрөктү ойготуп, Кудайды эске салдырат. Напси балээни сындырып, акыретти эске салдырат.
Кудайга зикир айттырып сабырдуулукка үйрөтөт.
Акыретке даярдантып жүрөктөгү бул дүйнө сүйүүсүн чыгарат. Кичи пейилдикке үйрөтүп күнөөдөн узактатат.

☝🏻 Кандайча дейсиңби? 

Эгерде сенин курсагың ачпаса, ачкалыктын, бир күкүм нандын кадырына жетмек эмессиң .. 

Эгерде сенин жаның ооруп кыйналбаса ден-соолуктун кадырына жетмек эмессиң.. 

Эгерде сенин ботинкаң жыртылып суу өтүп, ташка чалыштабасаң киймимдин , буйумдун кадырына жетмек эмессиң … 

Афлатондун сөзүндө: Жыргал жашоого караганда кыйынчылык адамды оңдойт. Ал эми жыргал жашоо инсанды кыйынчылыкка караганда бузат “..

“Жыргал жашоо караңгы түнгө окшош. Анда эмне кыларыңды ойлонбойсуң. Ал эми кыйынчылык күндүзгү жарыкка окшош.
Анда өзүңдү да башкаларды да кандай болуп жатканын көрүп турасың “…. 

Асмааъ бинту Умайс (р.а) риваят кылган хадисте:
Пайгамбарыбыз (с.а.в) мага ушундай деди:
“Кыйынчылык башка тушкөн учурда айта турган сөздү үйрөтөйүнбү? (Ал сөз ушундайча) “Аллах менин Раббим, ага эч кандай шерик кошпоймун “. 
Дагы башка бир сөзүндө “Кимге кайгы, капалык, оору же кыйынчылык келсе анда ал: Аллах менин Роббим анын эч кандай шериги жок,-деп айткан болсо, анын кыйынчылыгы чеичилет “… 

Эгерде сенин жашооңдо бир да кыйынчылык болбосо Жаратканды унутуп, керек болсо ким экениңди да, адамдык сыппаттан чыгып кетмексиң. Буга мисал: Фаронду билесиңби Муса (а.с) доорунда өзүн Кудаймын деп канча жанды кыйнап, азаптап,
канча күнөөлөрдү кылды,
бирок анын өмүрүндө бир да жолу башыда ооруган эмес, байлыгы ашып -ташып жатты акырында эмне болду Жараткандын азабыга, каарыга калды түбөлүк тозоктун отунуна айланды …эмне сенда ошо Фарон мен бирге болууну каалайт белең, эч жериң оорубай, эч нерседен кем болбой . Сага келген кыйынчылык, оору, мусибайт, Жараткандын сага болгон ырайымы деп бил! Сен Аллахкка муктажсың ! 

Эгерде башыңа бир мусибайт түшсө, кайгыга батып, башыңа балээ келсе биринчи жалбыраганың “Оо,Ааллах! ” деген сөз болот… 

Эгерде кайрылган эшиктерңидин бардыгы жабык болсо, сурагандарын алдында пардалар тосук болсо,
анда жалынып сураганганың “Оо,Аллах! ” деген сөз болот… 

Эгерде баштаган ишиңде ийгиликке жетүүгө айла -амал калбаса,
жолдоруңдун баары тарыса,үмүттөр түгөнсө,
байланыштар үзүлсө жолун табуу үчүн суранганың “Оо,Аллах! “деген сөз болот.. 

Эгерде жер жүзү сен үчүн тар болуп сыгылып, жаның жаныңа батпай кыйналсаң дароо “Оо Аллах! деген сөз болот…

☝🏻Ооба тууганым сен Аллахкка муктажсың!
Анткени Аллахтын ысмы менен гана инсандын сөзү оңолот, андан жардам сурап кайрылат, анан зикир кылуу менен жүрөктөр тынчтанып, сезимдер рахаттанып, кайгылар жоголуп, аң сезимдер ордуна келип, ишеним орундалат,
анткени:

“Аллах пендерине боорукер “..

“Аллах “:ысымдардын эң коозу, тамгалардын эң жакшысы, сүйлөмдөрдүн эң тууоасы, сөздөрдүн эң кымбаты …. 

“Анын (Аллахтын) ысымдарына теңдеш ысым бар бекен?! “.. 

“Аллах “Баарына Жетиштүү жана Түбөлүк, Күчтүү жана Жардамчы, Улуук жана Кудуреттүү Даанышман…

Кайгырба бир тууганым! Анкени бир күн келет оору да айыгат, мусибайт да чечилет, күнөө да кечирилет, карыз да берилет, камалганда чыгарылат, жоголгон да табылат, күнөөкөр да тообо кылат, кедей да бай болот.. 

Кайгырба бир тууганым! Кара булуттардын тараганын, караңгы күндүн жарыганын, шамалдын токтогонун, боорондун акырындаганын көрбөй жатасыңбы?! Андай болсо сенин да кыйынчылыгың жеңилдейт, жашооң да оңолот келечегиң да кең болот.. 

Кайгырба бир тууганым! Сен бир аз сабыр кылып , күтүп тур. Албетте,күндүн ысыгын караңгы көлөкө муздатат, чаңкаган чаңкоону муздак суу кандырат, ач курсакты ыссык нан тойгозот, уйкусуз түндүн бейпил уйку токтотот, ооруган ооруну да таттуу айыгуу келип токтотот….. 

«Кайгырба! Чындыгында, Аллах биз менен бирге»(9;40)..

👤Насиба Абдуллаева.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button