alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Макалалар
Эң мыкты

☝🏻АЗЫР БАЙПАК ЖАМАЛБАГАН ЗАМАНДА ЖАШАП ЖАТАБЫЗ…

✍🏻Балдарды ыраазы кыла албагандын айынан суицид көбөйүп кетти. Анткени алардын каалаганын берип өстүрдүк. Эми каалаганын бере албай калдык….
А-А дегенин МАА деп кармата бербеңиз. Илгери чоңу кийген же колдонгон нерсени кичүүлөрү колдонуп, алардан артса бөлө-жээндерге кетчү. Азыр эки балаңа эки нерсе, үч балаңа үч нерсе алмайынча жаның тынбайт. Бир нерсени бөлүшүп ойнобой, бир-бирине сеники-меники деп мээримсиз болуп жатат.
Мурдалары 4 бөлмөлүү үйдө 14 киши чоңойгон болсо, азыр 4 кабаттуу үйдө 4 киши жашап жаткан заманга кабылдык… Баатыр энелердин тушунда аристон, холодильник, ванна, кухня, стиральная машина керек болсо свет болгон эмес…
Бардык нерсеси болгон сайын барбалаңдаган келиндер көзүңөрдү ачкыла! Абалыңарга шүгүр келтирип, телефонго алаксыбай балдарыңарга татыктуу тарбия бергиле…

📍Каникулда ата-энеге кеп-кеңеш!

Бала он жашка чейин өзүнүн эне тилин үйрөнүүсү керек!!! Балдарды роборт кылбагыла. Балам англисче билет деп мактанып жаткан атанын баласы менен маектешсем эне тилинде пикирин айта албайт экен, макул деп англисчесине да кулак салдым, ал дагы көңүл жылытаарлык эмес….
Жайкы каникулда ар түрдүү курстарга бере бербей 1-2 аптага айылдагы кой баккан Курска да жибергиле. Калыгул оолуя Шабдан баатырдын зиректигин көрүп атасына: «балаңды койчуга бер дейт. Ошончо койду таанып зиректиги өсөт» — деген экен … Репетиторго акча бербей ошол акчаны чоң ата-чоң энесине, таята -тайнесине берип ошол жакка жибергиле… Кыздарым чоң атасынын жанында жүрүп келди. Кенже кызым «ошону да эптей албайт, ашыкча светти өчүргүлө, канаа келгилечи… «-деп бүт чоң атасынын сөздөрүн жаттап келиптир. Эми бизге чоң ата болуп алды
Жайкы каникулдун акыркы айын абдан пайдалуу өткөрүүнү сунуштайм.

👤Идрис Айтбаев.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button