Жаңылыктар
Алдыңкылар

Өзбекстан: Мектептерде эми жоолукка тоскоолдук болбойт. Расмий түрдө уруксат берилди

Өзбекстандагы мектептерде жоолукка расмий түрдө уруксат берилди. Бул тууралуу бүгүн Өзбекстандын президенттик администрациянын маалыматтык камсыздоо бөлүмүндө брифингде жаңы окуу жылында бирдиктүү мектеп формасын киргизүү боюнча Билим берүү министри Бахтиер Саидов билдирди. Бул брифинг кечээ кийинкиге жылдырылган эле.

Брифинг түз эфирде “Өзбекстан 24”, “UzReport” телеканалдары жана аталган мекеменин социалдык тармактардагы расмий баракчаларында көрсөтүлүүдө.

Билим берүү министри Бахтиёр Саидов бирдиктүү мектеп формасынын талаптары жокко чыгарыларын айтып, мектепте жоолук салынууга уруксат берилгенин билдирди.

Back to top button